# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы N 91 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамаларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы N 91 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамаларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 23.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55093>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9819/edition/868997/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55093.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы N 91 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамаларын бекитүү жөнүндө" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55093

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2004-жылдын 23-февралы N 91 Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамаларын бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин так бөлүштүрүү, иштин сапатын жакшыртуу, ошондой эле жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин тиркелген Типтүү кызматтык нускамалары бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин бекитилген Типтүү кызматтык нускамаларынын негизинде айыл өкмөтүнүн аппаратынын функционалдык милдеттерди бөлүштүрүүнүн түзүлүп калган практикасын, кадрдын потенциалын эске алуу менен айылдардын жана поселкалардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу жана жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитүү сунуш кылынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча министрине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н.Танаев
