Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамаларын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 ноября 2024 года № 711 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-11-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2004-жылдын 23-февралы N 91 Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамаларын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин так бөлүштүрүү, иштин сапатын жакшыртуу, ошондой эле жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин тиркелген Типтүү кызматтык нускамалары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин бекитилген Типтүү кызматтык нускамаларынын негизинде айыл өкмөтүнүн аппаратынын функционалдык милдеттерди бөлүштүрүүнүн түзүлүп калган практикасын, кадрдын потенциалын эске алуу менен айылдардын жана поселкалардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу жана жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитүү сунуш кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-майындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жыллын 23-февралындагы № 91 “Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана…Постановление · 19.05.2007 · № 183
- Фрунзе айылдык кеңешинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 18 "Штаттык бирдиктибекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.03.2019 · № 18
- 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫПрограмма · 22.02.2024 · № 80
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.10.2006 · № 720 · Күчүн жоготкон
- Типовые должностные инструкции работников органов местного самоуправления аилов и поселков Кыргызской Республики ( Утверждены постановлением Правительства Кыргызской Республики…Инструкция · 23.02.2004 · № 91 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- План основных мероприятий Правительства Кыргызской Республики по реализации Указа Президента Кыргызской Республики "О Национальной стратегии "Децентрализация государственного…План · 21.06.2005 · № 250
- План основных мероприятий Правительства Кыргызской Республики по реализации Указа Президента Кыргызской Республики "О национальной стратегии "Децентрализация государственного…План · 30.04.2003 · № 257 · Күчүн жоготкон