# Жайыл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 12-октябры №9 "Жайыл айылынын Ленин көчөсүнүн атын которуу боюнча" токтому

- Толук аталышы: Жайыл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 12-октябры №9 "Жайыл айылынын Ленин көчөсүнүн атын которуу боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/550705>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76461/edition/1185988/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/550705.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайыл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 12-октябры №9 "Жайыл айылынын Ленин көчөсүнүн атын которуу боюнча" токтому (12.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/550705

---

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 12-октябры №9 Жайыл айылынын Ленин көчөсүнүн атын которуу боюнча Жайыл айылынын көчөсүнүн атын которуу боюнча материалдарды карап, элдик жыйындын иш-баяндамасын жана Ленин көчөсүнүн жашоочуларынын макулдугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобосунун 2-пунктуна ылайык, Жайыл айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин көчөсүнүн жашоочуларынын “Жайыл айылынын Ленин көчөсүнүн атын Суранаев Жангазы деп атоо тууралуу” сунуштамасы эске алынсын.

2. “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобосунун 2-пунктуна ылайык Жайыл айылынын Ленин көчөсүнүн аты “Суранаев Жангазы” деп аты өзгөртүлсүн.

3. Эскертмелерди жасоо жана орнотуу өндүрүштүк каржылоону демөөрчүлөргө жана жергиликтүү коомго таандык кылынсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айылдык Кеңешке жүктөлсүн.

Таркатылсын: иш жүзүнө, “Кадастр” МБка, Архитектурага, Паспорттук столго.

Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы

З.Д.Мамаев
