# Инвестициялык-курулуш ниеттерин ишке ашыруунуе тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Инвестициялык-курулуш ниеттерин ишке ашыруунуе тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55065>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2155/edition/323520/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55065.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык-курулуш ниеттерин ишке ашыруунуе тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтому менен бекитилген) (30.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55065

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтому менен бекитилген

Инвестициялык-курулуш ниеттерин ишке ашыруунун тартиби жөнүндө ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-майындагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Жобо жер участокторуна укуктарды берүүнүн жана объектилерди долбоорлоонун, куруунун жана пайдаланууга киргизүүнүн тартибин жөнгө салуучу № 1-9-схемаларга ылайык жаңы курулушка уруксат алуу, кеңейтүү, реконструкциялоо, профилин өзгөртүү, капиталдык ремонт жүргүзүү (мындан ары - курулуш), ошондой эле курулуш жүргүзүүнү контролдоо жана курулуп бүткөн объектилерди пайдаланууга кабыл алуу тартибин белгилейт.

1.2. Бул Жобо тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине кирген объектилер менен жер участокторуна жана тарыхый-маданий баалуулукка тиешелүү жаңыдан табылган объектилерге, ошондой эле пайдалануу жана курулуш өзгөртүүлөрү тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салына турган жаратылыш эстеликтерине карата колдонулбайт.

2. Объекттерди курууга укук жана

курулуш үчүн негиздер

2.1. Кыймылсыз мүлк объекттеринин куруу жана башка курулуш өзгөртүүлөрүн жүргүзүү укугуна жер участокторун менчиктөөгө, ижаралоого, туруктуу же убактылуу пайдаланууга укугу бар жеке адамдар жана юридикалык жактар же алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген тийиштүү ыйгарым укугу бар ишенимдүү адамдары укуктуу болушат.

2.2. Курууга, кыймылсыз мүлккө курулуш өзгөртүүсүн жүргүзүүгө укук төмөнкүлөр болгондо ишке ашырылышы мүмкүн:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилчү, Калктуу конуштарда жер участокторуна менчик же ижара укугун акысыз берүү тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык түзүлгөн жер участогу болсо;

- объектини долбоорлоого архитектуралык-пландоо тапшырмасы (АПТ) болсо;

- макулдашылган долбоорлоо документтери болсо;

- ушул Жобонун 3-главасынын 3.2, 3.3-пункттарында аныкталган учурларды кошпогондо, курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга аныкталган тартипте берилүүчү уруксат болсо.

2.3. Түзүлбөгөн участоктордо (жер участогунун планы жок же жер участогунун планында кыймылсыз мүлктү уруксат берилген пайдалануунун түрү, башка шаар куруу регламенттери жок) курулушту, кыймылсыз мүлктү башка курулуш өзгөртүүлөрүн жүргүзүүнү каалаган жер участогунун менчик ээлери, ижарага алуучулар, пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген. Калктуу конуштарда жер участокторунда менчик же ижара укугун акысыз берүү тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык түзүү боюнча көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүшү керек.

3. Кыймылсыз мүлккө курулуш өзгөртүүлөрүн

киргизүү түрлөрү

3.1. Курулуш кыймылсыз мүлккө курулуш өзгөртүүлөрүнө бөлүнөт, алар:

- курулушка долбоордук документтерди жана уруксатты талап кылбайт;

- убактылуу курулушту орнотууга уруксатты же кыскартылган көлөмдө долбоордук документтерди иштеп чыгуу менен объектини кайра профилдештирүүгө уруксатты талап кылат жана курулуш иштерин уруксатсыз жүргүзүү;

- уруксатты (АПТны), курулушка долбоордук документтерди иштеп чыгууну, макулдашууну жана уруксат алууну талап кылат.

3.2. Өзүлөрүнүн максаты, мүнөзү жана көлөмү боюнча көз көрүнөө конструкциялык-технологиялык жана өрткө каршы ишенимдүүлүктүн жана курулуштардын коопсуздугунун милдеттүү нормалары бузулушуна алып келбеген кыймылсыз мүлккө курулуш өзгөртүүлөрүн киргизүү түрлөрү үчүн курулушка уруксат алуу талап кылынбайт.

Квартираларды, имараттарды жана курулмаларды утурумдук ремонттоо, каалгаларды орнотуу же алып салуу, лоджияларды жылуулоо, жеке менчик турак үйлөрдө көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдерди жана жер участогунун максаттык арналышын өзгөртпөстөн верандаларды кошуп куруу үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгуу, макулдашуу жана уруксат алуу талап кылынбайт.

3.3. Убактылуу объектилерди - көчмө, которулуучу павильондорду, күркөлөрдү, лотторду орнотууга, бастырмаларды курбастан жайкы аянтчаларды уюштурууга уруксат алуу талап кылынат.

Убактылуу объектилерди орнотууга уруксат курулуш иштерине уруксат алуусуз шаар курулуш жана архитектуралык-техникалык талаптардын жана кыскартылган көлөмдөгү долбоорлоо документтеринин негизинде берилет. Убактылуу объектилерди орнотууга арыз берүүнүн, кароонун жана уруксат берүүнүн тартибин жергиликтүү аткаруучу-тескөөчү ыйгарым укуктуу орган аныктайт.

3.4. Объектини долбоорлоого (АПТга) уруксат, долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана макулдашуу жана курулушка уруксат алуу төмөнкүдөй шарттарда талап кылынат, ал:

- жер участогунун максаттуу багыты өзгөрсө жана кыймылсыз мүлктү пайдалануунун менчик ээси тандап алган түрү кыймылсыз мүлктү пайдалануунун нормативдик актыларда аныкталган уруксат берилген түрлөрүнүн ичине кирсе;

- имараттардын (бөлмө жайлардын) функциялык багыты, аймактардын курамы өзгөрсө, ошондой эле инженердик камсыз кылуу тармактарына кошууга жаңы шарттар талап кылынса.

3.5. Объектилерди долбоорлоого уруксаттарды (АПТ) жергиликтүү архитектура жана курулуш органдары шаар куруу жана архитектура-курулуш талаптарынын негизинде беришет жана жергиликтүү архитектура жана курулуш органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.

3.6. Курулушка уруксат 3.2, 3.3 жана 3.4-пункттарда саналгандардан тышкаркы бардык учурларда ушул Жобонун 8-главасында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин 2000-жылдын 7-апрелиндеги № 33 приказы менен бекитилген, Курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө жободо аныкталган тартипте таризделет.

4. Объектилердин курулушуна талаптарды иштеп чыгуу

4.1. Жер участокторунун ээлери, пайдалануучулары, ижарачылары (ошондой эле алардын ишенимдүү адамдары) аныкталган жер участогунда курулуучу объекттерге карата алар үчүн алгылыктуу пландоо, архитектуралык, конструкциялык жана башка чечимдерди кабыл алууга укуктуу, мында бул чечим пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүнүн, башка шаар курулуш регламенттеринин, сервитуттар тарабынан салынган чектөөлөрдүн чегинен чыкпоого тийиш жана курулуш нормалары менен эрежелерине ылайык келиши керек.

4.2. Долбоорлоо иштерин аткаруу үчүн негиз жер участогунун планында белгиленгсн шаар курулуш регламенттери жана курулушка коюлган талаптар болуп саналат.

Ушул Жобонун 3.2 жана 3.3-пункттарында көрсөтүлгөндөрдөн тышкаркы бардык учурларда менчик пси, инвестор (заказчы) же анын ишенимдүү адамы кыймылсыз мүлктү пайдалануунун алар тандап алган уруксат берилген түрлөрү боюнча курулуш ниеттерин ишке ашыруу үчүн жергиликтүү архитектура жана курулуш органына имарат куруу регламентик-архитектуралык пландоо тапшырмасын (АПТ) алууга арыз берет. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилчү, Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик укуктарын акысыз берүү же ижаралоонун тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык аткарылган жер участогунун планын кошо алганда жер участогун менчиктөө жана пайдалануу укугун ырастоочу документ, жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерине укук ырастоочу документтер;

- курулуш ниеттеринин кыскача сүрөттөлүшү (участокту пайдалануу түрү, объекттердин арналышы, пайдалуу аянт, машина коюучу орундарынын саны, инженердик камсыздоо үчүн талап кылынган оорчулуктар);

- инженердик тармактарга кошуу үчүн инженердик тармактар менен курулуштарды (эгер болсо) эксплуатациялоочу шаардык (райондук) кызматтар тарабынан берилген алдын ала техникалык шарттар.

4.3. Эгерде жер участогун түзүү боюнча даярдык иштердин учурунда инженердик тармакка кошууга техникалык шарттар алынбаса, арызда долбоорлонуучу объекттерди инженердик-техникалык тармактарга кошууга шарттарды чогултуу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырма камтылышы мүмкүн.

4.4. АПТда жашылдандырууга, абаттоого, тышкы жарыктандырууга, машина коюучу орундарды жана келчү жолдорду уюштурууга, үстүңкү катмардагы сууларды чыгарууга, фасаддардын жасалга материалдарына жана элементтерине, тышкы жарнамага талаптар, ошондой эле инженердик тармакка кошуунун шарттары жана башка зарыл маселелер боюнча талаптар камтылууга тийиш.

4.5. АПТны иштеп чыгуунун наркы архитсктура жана курулуш боюнча атайын жобо менен аныкталат жана менчик ээси, инвестор, (заказчы) же анын ишенимдүү адамы тарабынан төлөнөт.

АПТ ишке (объектини шаардын инженердик коммуникацияларына кошууга шарттарды алуу боюнча ишке) акы төлөнгөн учурдан тартып 20 күндүн ичинде даярдалат. Курулуш көлөмү 15000 куб метрден ашкан же татаал шаар курулуш кырдаалындагы ири объекттерге АПТны даярдоо мөөнөтү 7 күнгө узартылышы мүмкүн. АПТны жергиликтүү архитектура жана курулуш органынын жетекчиси бекитет.

4.6. Менчик ээси (инвестор, заказчы) же анын ишенимдүү адамы АПТга макул болбогон учурда жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссияга кайрылууга укуктуу. Комиссия кайрылууну кароого, маселенин маңызы боюнча чечим кабыл алууга жана чечимдин протоколун менчик ээсине, инвесторго (заказчыга) же анын ишенимдүү адамына жана жергиликтүү архитектура жана курулуш органына дооматтар түшкөндөн кийин 15 күндүк мөөнөттө берүүгө тийиш. Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда менчик ээси (инвестор, заказчы) же анын ишенимдүү адамы комиссиянын чечиминин үстүнөн даттануу үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

Инженердик-техникалык коммуникацияларды эксплуатациялоо жана өнүктүрүү үчүн жооптуу кызматтар жана уюмдар суроо-талап түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен долбоорлонуп жаткан объектини кошууга өздөрүнүн шарттарын менчик ээсинин (инвестордун, заказчынын) атына даярдашат жана аны жергиликтүү архитектура жана курулуш органына беришет.

5. Пландаштыруу-чек жүргүзүү долбоорлорун толук

иштеп чыгуу боюнча жумуштарды уюштуруу

5.1. Жер участогун түзүү төмөнкүдөй учурларда пландаштыруу-чек жүргүзүү долбоорун иштеп чыгуусуз жүргүзүлөт, эгер:

- түзүлгөн жер участогу капиталдык эмес курулуштарды жайгаштыруу үчүн беш жылдан ашпаган мөөнөткө ижарага берүү үчүн даярдалса;

- чектеринде түзүлүүчү жер участогу жайгашкан аймак жер участокторунун шаар курулуш регламенттерин жана чектерин белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү бекитилген шаар курулуш документтер менен камсыздалса;

- чектеринде түзүлүүчү жер участогу жайгашкан аймак шаар курулуш регламенттерин белгилөө үчүн жетиштүү болгон, бекитилген шаар курулуш документтери менен камсыздалса, ал эми түзүлүүчү жер участогу чектеш участоктордун чек араларын белгилөөдө аныкталса.

Калган учурларда (кварталды толук реконструкциялоо шарттарында жаңыдан өздөштүрүлгөн аймактардагы курулуш) жер участогун түзүү пландаштыруу-чек жүргүзүүнүн алдын ала долбоорун иштеп чыгуу менен жүзөгө ашырылат.

5.2. Жергиликтүү архитектура жана курулуш органы пландаштыруу чек жүргүзүү долбоорлорун даярдоо боюнча төмөнкүдөй иштерди жүргүзөт:

- жер участокторуна суроо-талапты жана аларды пайдалануу түрлөрүн иликтөө үчүн жеке адамдардын жана юридикалык жактардан түшкөн арыздар менен кайрылууларды эсепке алууну камсыз кылат;

- чек жүргүзүлүшү керек болгон аймактарды (кварталдар, микрорайондор, пландаштыруу структураларынын башка элементтери) аныктайт;

- пландаштыруу-чек жүргүзүү долбоорлорун иштеп чыгууну бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо планына киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга сунуш даярдайт жана жиберет;

- чек жүргүзүлүүгө тийиш болгон аймакка маалыматтарды чогултат, анын ичинде:

иштелип чыгуучу аймакка М 1:2000, М:500 топографиялык сүрөткө тартууларды керектүү жаңылоону камсыз кылат; деталдуу пландоонун долбоорун иштеп чыгууга керектүү маалыматтарды алуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга, муниципалдык уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин структуралык подразделениелерине ыйгарым укуктуу органдын адамынын атынан суроо жиберет.

5.3. Деталдуу пландаштыруу-чек жүргүзүү долбоорлору тийиштүү токтом чыгаруучу ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же башка (жеке адамдардын, юридикалык жактардын, атайын фонддордун, техникалык жардам көрсөтүүчү уюмдардын) каражаттарынын эсебинен аткарылат.

Тиешелүү токтомдун негизинде иштөөчү жергиликтүү архитектура жана курулуш органынан суроо алынганда мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар аны алган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө керектүү маалыматты берет, анын ичинде:

- жер кадастрынын маалыматын, участоктун (жердин категориясы, укуктук режими, жер салыгынын ставкасы жана башка) мүнөздөмөлөрүн, колдонуудагы имараттар жана курулуштар жөнүндө корутундуну Мамкаттоонун жергиликтүү органы берет;

- объекттерди инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун техникалык шарттарын шаардын тиешелүү кызматтары берет;

- шаар курулушу боюнча жана долбоордук документтерди иштеп чыгууда, курулуш үчүн жер участокторун тандоодо эсепке алынууга тийиш болгон башка маалыматтарды андай маалыматтарга ээлик кылган тиешелүү органдар берет.

5.4. Комиссия чектеп бөлүүгө тийиш болгон аймактардын чегараларында жайгашкан жер участокторуна, башка кыймылсыз мүлк объекттерине укукка ээ болгон жарандарга жана юридикалык жактарга пландалып жаткан иш-чаралар, аймактарды келечектеги өнүктүрүү боюнча сунуштарды кабыл алуу, толук пландаштыруу-чек жүргүзүү долбоорлорун иштеп чыгуулар жөнүндө маалымдайт.

5.5. Жергиликтүү архитектура жана курулуш органы:

- лицензия алган долбоорлоочу уюмдарды тартып пландаштыруу-чек жүргүзүү долбоорлору, кварталдарды, кичи райондорду, пландаштыруу структурасынын башка элементтерин куруунун долбоорлорун иштеп чыгууну, макулдашууну жана бекитүүнү камсыз кылат;

- кварталдарды, микрорайондорду пландаштыруу структураларынын башка элементтерин пландаштыруунун-чек жүргүзүүнүн долбоорлорун иштеп чыгат;

- жер участокторун мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн алуу, анын ичинде сатып алуу зарылдыгын, аларда жайгашкан имараттарды, курулмаларды, курулуштарды бузуу, тургундарды көчүрүү, транспорттун, байланыштын жана инженердик жабдуунун курулуштарын жана коммуникацияларын башка жерге которуу; инженердик, транспорттук жана социалдык инфраструктуранын объектилерин куруу, жалпы пайдалануудагы аймактарды абаттоо зарылдыгын аныктайт;

- жергиликтүү комиссияны кабыл алынуучу шаар курулуш чечимдери жөнүндө маалымдайт;

- шаар курулуш документтерине карата белгиленген тартипте калк менен талкуулоонун натыйжаларын эске алуу аркылуу шаар курулуш документтерин макулдашууну жана бекитүүнү камсыз кылат;

- куруу-чек жүргүзүү долбоорлорун, башка долбоордук документтерди долбоорлоонун жана макулдашуунун мөөнөттөрүн жана тартибин аныктайт;

- ыйгарым укуктуу органдын жер участокторуна укуктарды берүү маселеси боюнча жергиликтүү ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун даярдайт.

5.6. Толук пландаштыруу-чек жүргүзүү долбоору Шаар курулуш кеңешинде каралып, шаардын башкы архитектору менен макулдашылат, жалпы элдик угууларда коомчулуктун катышуусу менен талкууланат жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

Комиссия аны жарыялоону, калкка маалымат берүүнү жана жалпы элдик угууларда долбоорду калк менен талкуулоону уюштурат. Жалпы элдик угуулардын жыйынтыктарын эске алуу менен бекитүү үчүн долбоор ыйгарым укуктуу органга берилет.

6. Долбоордук документтерди иштеп чыгуу

6.1. Долбоордук документтер бир жагынан жер участокторунун менчик ээлери, пайдалануучулары, ижарачылары-заказчылар менен, экинчи жагынан - долбоорлоо-изилдөө иштерине тиешелүү лицензиялары бар подрядчылардын ортосунда подряд келишимдери боюнча конкреттүү объектиге же объектилердин коплексине карата иштелип чыгат.

6.2. Жергиликтүү архитектура органы тийиштүү ыйгарым укуктуу органдын чыгарган токтомунун негизинде конкреттүү объектини же объектилердин комплексин долбоорлоого архитектуралык-пландоо тапшырмасын санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, өрт көзөмөлүнүн, экологиялык контролдун корутундулары менен кошо шаар куруу регламентине ылайык, долбоорлончу объектини инженердик-техникалык коммуникациялардын тармагына кошуунун техникалык шарттарын иштеп чыгат.

6.3. Долбоорлонуучу объектинин сүрөттөлүшү төмөнкүдөй милдеттүү позицияларды камтыйт:

- долбоорлончу объектинин арналышын жана параметрлерин (жер участогунун бекитилген жана ырасталган планында камтылган шаар курулуш регламентине каршы келбеген);

- тийиштүү кызматтардын долбоорлончу объектини инженердик-техникалык коммуникациялар тармагына кошууга карата шарты;

- заказчынын кароосу боюнча башка мүнөздөмөлөр, шаар куруу регламенттерине ылайык.

6.4. Жергиликтүү архитектура органдары заказчы же анын өкүлү менен бирдикте, объекти жайгашкан жер, объектини инженердик коммуникацияларга кошуу боюнча болжолдуу керектөө көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү кайрылуунун негизинде тийиштүү инженердик-коммуналдык камсыздоо кызматтарынан техникалык шарттарды алышат.

Тиешелүү кызматтарда жана уюмдарда шарттарды чогултууга акыны заказчы келишим боюнча төлөйт. Инженердик коммуникацияга кошуу шарттарын берүү жана анын шарттары боюнча даттануу ушул Жобонун 4.3-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.

6.5. Имараттардын жана курулуштардын конструкциялык схемасын же анын элементтерин өзгөртүү менен кайра профилдештирүүгө, капиталдык оңдоого жана реконструкциялоого долбоордук документтер объектилердин техникалык абалы жөнүндө корутундунун негизинде иштелип чыгууга тийиш. Корутунду негизги тирөөч конструкциялардын жер титирөөгө туруктуулугу жөнүндө маалымат алуу максатында тиешелүү лицензиясы бар уюмдар тарабынан даярдалат.

6.6. Курулуш үчүн долбоордук документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде курулуш нормалары менен эрежелерине, нускамаларга жана стандарттарга, техникалык шарттарга ылайык иштелип чыгат.

6.7. Долбоордук документтердин материалдарынын курамы долбоорлоого тапшырма менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик бекиткен тийиштүү нормалар менен аныкталат.

7. Долбоордук документтерди макулдашуу

7.1. Даярдалган долбоордук документтер эреже катары, жергиликтүү архитектура жана курулуш органынын Шаар куруу кеңешинде каралат жана анын макулдук чечими алынгандан кийин мамлекеттик экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.

Долбоордук документтерди макулдашуу менчик ээсинин (заказчынын) арызынын негизинде жүргүзүлөт. Арызга долбоордук документтерден тышкары жер участогуна укукту аныктоочу документтердин (анын ичинде жер участогуна ижара келишиминин) көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бекитилчү Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик ээсинин же ижара укугун акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык аткарылган жер участогунун планы менен кошо тиркелет.

7.2. Курулушу же реконструкциясы мамлекеттик бюджеттен же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринен каржылануучу объекттер үчүн мамлекеттик экспертиза курулуштун сметалык наркынын колдонуудагы ченемдик документтерге шайкештик жагына карата да жүргүзүлөт.

7.3. Мамлекеттик экспертизанын эң жогорку мөөнөттөрү имараттар менен курулуштардын өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша белгиленет:

- ири (15 миң куб метрден тартып), өзгөчө татаал - 40 күнгө чейин;

- орто (450дөн 15000 куб метрге чейин), орточо татаалдыкта - 20 күнгө чейин;

- майда (450 куб метрге чейин), төмөнкү татаалдыкта - 10 күнгө чейин.

7.4. Мамлекеттик экспертизанын баасы имараттар менен курулуштардын өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

7.5. Даярдалган долбоордук документтер ушул Жобонун 3.2, 3.3 жана 3.4-пункттарында көрсөтүлгөндөн башка учурларда жергиликтүү архитектура жана курулуш органында макулдашылууга тийиш.

Долбоордук документтерди макулдашуу менчик ээсинин арызынын негизинде жүргүзүлөт. Арызга долбоорлоо-смета документтеринен тышкары төмөнкүлөр тиркелет:

- жер участогуна укукту ырастоочу документтердин (анын ичинде жер участогунун ижара келишиминин) көчүрмөлөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилчү Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик ээсинин же ижара укугун акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык аткарылган жер участогунун планы менен кошо;

- колдонуудагы объекттер реконструкцияланган, кайра профилдештирилген, бузулган учурларда ал объектилерге укукту (менчик, пайдалануу, ижара) ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү.

7.6. Жергиликтүү архитектура жана курулуш органы төмөнкүдөй предметке макулдашууну жүргүзөт:

- эгер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынса, шаар курулуш регламенттерине, АПТга, жер участогунун схемасынын чегаралары сакталышына жана Жер пайдалануу жана курулуш эрежелеринин талаптарына ылайык келүүсүнө;

- долбоорлончу объектинин инженердик-техникалык коммуникацияларга кошуунун техникалык шарттарына, ал шарттар ошол кызматтар менен кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин (пайдалануучунун, ижарачынын) ортосунда белгиленет (түзүлөт);

- АПТнын талаптарына ылайыктыгына.

7.7. Долбордук документтердин айрым бөлүмдөрү кызматтар жана уюмдар менен алардын техникалык шарттарла жана корутундуларда жазылган талаптарына ылайык макулдашылат.

7.8. Долбоорлоо стадиясында өрткө каршы, санитардык-гигиеналык жана башка шаар курулуш талаптарын сактоо боюнча жоопкерчилик долбоордун башкы архитекторуна жана башкы инженерине жүктөлөт.

7.9. Долбоорлонуучу курулуш, реконструкция участогу тарыхый, маданий жана археологиялык эстеликтерди коргоо зоналарынын чегинде жайгашса, долбоордук документтер тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча орган менен макулдашылат.

7.10. Объектилерди долбоорлоого байланыштуу иштелип чыккан долбоордук документтер шаардын (райондун) башкы архитекторунун алдындагы Шаар курулуш кеңешинде төмөнкүдөй учурларда каралууга тийиш:

- курулуш толук же айрым бөлүгү мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттерден каржыланса;

- долбоорлончу объектинин архитектуралык-пландоочу жана көркөмдөө чечимдерине карата талаптарда кошо камтыган шаар куруу регламенттери белгиленген жер участокторуна жайгашкандар.

7.11. Шаар курулуш кеңеши долбоорлорду экспертизалоочу мамлекеттик орган долбоордук документтерге корутунду бергенге чейин өткөрүлөт.

7.12. Жергиликтүү архитектура жана курулуш органы менен макулдашууда долбоордук документтер анын жетекчисинин колу жана мөөрү менен ырасталат, алар тийиштүү чиймелерге коюлат.

7.13. Шаар курулуш кеңеши долбоорду четке каккандан башка учурларда макулдашуудан баш тартуу үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу, долбоордук документтин шаар куруу регламенттерине АПТнын талаптарына, укуктук аныктоочу документтин курамындагы жер участогунун белгиленген схемаларына шайкеш келбестиги негиз болот.

7.14. Долбоордук документтерди макулдашуу мөөнөтү жергиликтүү архитектура жана курулуш органында заказчынын арызы катталган учурдан тартып имараттар менен курулмалардын өлчөмдөрүнө жана татаалдыгына жараша төмөнкүдөй белгиленет.

- ири (15000 куб метрден тартып), өзгөчө татаал - 20 күнгө чейин;

- орто (450дөн 15000 куб метрге чейин), орточо татаалдыкта - 10 күнгө чейин;

- майда (450 куб метрге чейин), төмөнкү татаалдыкта - 5 күнгө чейин.

7.15. Долбоордук документтерди жергиликтүү архитектура жана курулуш органы менен макулдашуу наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

8. Курулушка уруксат берүү

8.1. Курулушка уруксат заказчыга экспертизадан өткөн жана макулдашылган долбоордук документтердин негизинде Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө органдары (мындан ары - МАКК) тарабынан берилет.

МАККа берилүүчү документтердин топтому, долбоордук документтерди каттоо тартиби жана мөөнөтү, курулушка уруксаттарды берүү жана анын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин 2000-жылдын 7-апрелиндеги № 33 приказы менен бекитилген Курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө жобо менен аныкталат.

8.2. Курулушка уруксат берүүдөн баш тартууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке же сотко даттанса болот.

8.3. Курулушу токтотулган же аны консервациялаган учурда архитектуралык-курулуш контролу жүргүзүлбөйт. Заказчы же анын ишенимдүү адамы курулуш токтотулаары жөнүндө МАКК органына 5 күн мурдатан кабарлоого тийиш.

8.4. Жергиликтүү архитектура жана курулуш органы макулдашылган долбоордук документтерге ылайык имараттар менен курулуштардын өзөгүн, негизги магистралдык инженердик коммуникациялардын өзөгүн жана башка линиялык өлчөмдөрдү жеринде белгилөөнү ("натурага" чыгарууну) камсыз кылат.

8.5. Кыймылсыз мүлк объектиси тарыхый-маданий жана археологиялык маанидеги зоналарда жайгашса, курулуш, реконструкциялоо иштери башталаар күн жөнүндө кабар тарыхый-маданий эстеликтерди жана археологиялык катмарды коргоо боюнча мамлекеттик органга да жиберилет.

9. Кыймылсыз мүлк объектилерин куруу жана курулуп

бүткөн объектилерди пайдаланууга кабыл алуу

9.1. Кыймылсыз мүлккө объектилерин реконструкциялоону, реставрациялоону төмөнкүдөй жеке адамдар жана/же юридикалык жактар жүргүзөт:

- кыймылсыз мүлктүн менчик ээлери, пайдалануучулар, ижарачылар;

- курулуш иштерине подряд келишиминин негизинде иштөөчү кыймылсыз мүлктүн ээлеринин башкы подрядчылары - ишенимдүү адамдары.

Кыймылсыз мүлк объектилерине реконструкция, реставрация курулушка уруксаты жана курулуш жумуштарынын тиешелүү түрлөрүнө лицензиясы болгондо гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

9.2. Объектилердин курулушуна жана реконструкциясына көзөмөлдү долбоордун автору, жергиликтүү архитектура жана курулуш органдары, МАКК органдары ишке ашырат. Алар Кыргыз Рсспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин 2002-жылдын 20-майындагы № 78 приказы менен бекитилген Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл органдарынын шаар курулуш-архитектуралык иштерди жүргүзүүчү ишкер субъекттерге текшерүү жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону, курулушту ишке ашыруу тартибин жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актыларды жетекчиликке алышат.

Кыймылсыз мүлктүн ээлери, алардын ишенимдүү адамдары (подрядчылар) МАКК органдарынын, архитектура жана курулуш органдарынын, башка контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын өкүлдөрүнө иш жүрүп жаткан жерлерге тоскоолдуксуз киришин, тийиштүү документтер менен таанышуусун жана жасалган иштерди көрүшүн камсыз кылууга милдеттүү.

9.3. Жаңыдан курулган, реконструкцияланган объектти пайдаланууга уруксат объектини долбоорлоого АПТ, макулдашылган долбоорлоо документтери, курулушка уруксат жана мамлекеттик комиссиянын объектини эксплуатацияга кабыл алуу жөнүндө актысы болгон шартта берилет.

9.4. Бүткөрүлгөн курулуш объектилерин пайдаланууга кабыл алуу, мамлекеттик комиссиянын иштерин уюштуруу иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин 2000-жылдын 7-апрелиндеги № 33 приказы менен бекитилген, Кыргыз Республикасында чакан жана орто бизнестин бүткөрүлгөн курулуш объектилерин пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө жобо жана башка техникалык нормативдик документтер менен аныкталат.

Имаратты пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө мамлекеттик комиссиянын актысы ал бекитилгенден кийин мамлекеттик комиссиянын чечиминин негизинде заказчыга берилет. Ушул Жобонун 3.3, 3.4-пункттарында көрсөтүлгөн объектилерди кабыл алуу жергиликтүү архитектура жана курулуш органы тарабынан корутунду түрүндө ишке ашырылып, аны башкы архитектор бекитет.

9.5. Имаратты пайдаланууга кабыл алуунун бекитилген актысы жергиликтүү Мамкаттоо органында кыймылсыз мүлктүн жаңыдан түзүлгөн же реконструкцияланган объектине укукту милдеттүү мамлекеттик каттоо, ошондой эле объектини пайдалануунун башталышы үчүн негиз болот.

Ушул Жобонун 3.4-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктүн кайра профилдештирилген жана кайра пландаштырылган объектилерине укуктарды каттоого негиз болуп жергиликтүү архитектура жана курулуш органдардын корутундусу саналат.

9.6. Имаратты пайдаланууга кабыл алуу актысын алганга чейин жаңыдан курулган, реконструкцияланган объектини колдонууга тыюу салынат.

Объектини кабыл алуу актысын берүүдөн баш тартууга байланыштуу архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органга жана/же сотко даттанылышы мүмкүн.

9.7. Кыймылсыз мүлктүн колдонуудагы объектилеринин пайдаланылышын анын көлөмдүк-пландоо жана конструкциялоо өзгөртүүлөрү, ошондой эле кайра профилдештирүүнүн мыйзамдуулук жагынан контролдоо жана көзөмөлдөө тийиштүү көзөмөлдөөчү жана контролдоочу органдардын өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенцияларга ылайык жүргүзүлөт.

Көзөмөлдөөчү жана контролдоочу органдардын өкүлдөрү мыйзамга ылайык аракеттенүү менен кыймылсыз мүлк объекттеринин тышын жана ичин тоскоолдуксуз карап чыгууга, кыймылсыз мүлктүн ээлеринен керектүү маалыматтарды алууга, кыймылсыз мүлк объектилерин пайдаланууга жана өзгөртүүгө тиешелүү документтерди көрүүгө укуктуу.

9.8. Кыймылсыз мүлк объектилеринин ээлери көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынын мыйзамга ылайык аракеттенишкен өкүлдөрүнө өз милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
