# Чуй айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-февралындагы №13/3 "Кристалл" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чуй айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-февралындагы №13/3 "Кристалл" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13/3
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/550614>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76412/edition/1183968/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/550614.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чуй айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-февралындагы №13/3 "Кристалл" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтому (18.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/550614

---

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 18-февралы №13/3 «Кристалл» мамлекеттик ишканасы жөнүндө Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановдун «Кристалл» мамлекеттик ишканасын "Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндөгү" маалыматын угуп жана иш-кагаздары менен таанышып, депутаттардын ой пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 34 - беренесине ылайык Чүй айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кристалл» мамлекеттик ишканасын Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик ишканасына өткөрүүгө макулдук берилсин.

2. Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановго «Кристалл» мамлекеттик ишканасын Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик ишканасына өткөрүү үчүн керек болгон иш кагаздарын даярдоо жана жөнөтүү иши милдеттендирилсин. «Кристалл» мамлекеттик ишканасынын кредитордук жана дебитордук карыздары менен муниципалдык менчикке өткөрүлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.

Төрага

Р.Алиев
