Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чуй айылдык кеңешинин «2022-жылга карата Чүй айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө» токтому
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 18-февралы №13/8 2022-жылга карата Чүй айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө Чүй айылдык кеңешинин депутаттары сунуш кылынган иш кагаздарын карап чыгып, иш-аракеттерди талкуулап жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34 -беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2022 –жылга карата Чүй айылдык кенешинин иш планы №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2022 –жылга карата Чүй айылдык кенешинин туруктуу комитеттеринин иш - пландары комитеттердин протоколдоруна ылайык бекитилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин этика комитетине тапшырылсын.
Төрага
Р.Алиев
«БЕКИТЕМИН»
Чүй айылдык кеңешинин төрагасы _______________ Р.Алиев «_18___»__02_____2022 - ж.
Чүй айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-чаралар ПЛАНЫ
№
Иш чаралардын аталышы
Аткаруу мөөнөтү
Жооптуулар
2022 –жылдын I кварталы
1
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын жыйынтыгы менен аткарган иштери туралуу маалыматы
2022-жылдын I кварталы
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын С.Сулайманов
2
Чүй айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жыйынтыгы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө
2022-жылдын I кварталы
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулайманов
3
2021-жылга карата бюджеттин аткарылышы жана 2022-жылга бюджеттин кабыл алынышы
2022 –жылдын I кварталы
Чүй айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысынын м.а. К.Джумадилова
4
Чүй айылдык кеңешинин 2022-жылга карата социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасынын планын бекитүү
2022-жылдын I кварталы
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулайманов
5
Чүй айылдык кеңешинин жана атайын комиссиясынын иш планын бекитүү
2022-жылдын I кварталы
Этика комитетинин төрайымы
2022 – жылдын II кварталы
1
КР нын мыйзамдарында каралган төлөмдөрдү чогултуу боюнча бөлүмдүн аткарган иштери туралуу (2022-жылдын 1- кварталына карата бардык салыктардын түрлөрү боюнча).
2022 –жылдын II кварталы
Киреше бөлүмүнүн башкы адиси С.Сансызбава
2
КР нын 2011-жылдын 19-декабрындагы №111 “КР нын калкын социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөгү” мыйзамын аткаруу максатында 2022-жылдын II кварталынын жыйынтыгы менен аткарылган иштери боюнча
2022-жылдын II кварталы
Социалдык жактан жетектөөчү адиси Абдыканова У. Ж.
3
2022-жылдын I кварталдын жыйынтыгы менен бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматы
2022-жылдын II кварталы
Чүй айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысынын м.а. К.Джумадилова
4
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылдын I кварталдын жыйынтыгы менен аткарган иштери туралуу маалыматы
2022-жылдын II кварталы
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулайманов
2022-жылдын III кварталы
1
2022-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылыш тууралуу
2022-жылдын III кварталы
Чүй айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысынын м.а. К.Джумадилова
2
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен аткарган иштери туралуу маалымат
2022- жылдын III кварталы
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулайманов
3
Турмуш-тиричилик бөлүмүнүн 2022-жылдын I жарым жылдын жыйынтыгы менен аткарган иштери туралуу маалымат
2022-жылдын III кварталы
Турмуш -тиричилик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Медербек у С.
2022-жылдын IV кварталы
1
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча аткарган иштери туралуу
2022-жылдын IV кварталы
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулайманов
2
КР нын 2009-жылдын 9-февралындагы №43 "КР нын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү" мыйзамынын аткарылышы жөнүндө
2022-жылдын IV кварталы
Аскерге каттоо бөлүмүнүн инспекторлору
Эскертүү: Айылдык кеңештин жыйынына пландаштырылган маселелер менен биргеликте, айылдык кеңештин компентенттүүлүгүнө байланыштуу маселелер да келип түшкөнүнө жараша жалпы жыйында каралат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон