# Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 "Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 "Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/550497>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76300/edition/1173959/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/550497.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 "Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (05.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/550497

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 5-апрели № 25 Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуу тутумун өркүндөтүү, шаардыктарды тейлөө сапатын жана маданиятын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш-аракеттерди тартипке келтирүү жана жөнгө салуу, ишканалардын жетекчилеринин Бишкек шаарында транспорттук тартиптин сакталышы үчүн жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 264 "Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага

К.Конгантиев
