# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык- курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү тууралу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык- курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү тууралу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55044>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9787/edition/443593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55044.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык- курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү тууралу" токтому (23.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55044

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2004-жылдын 5-февралы № 57

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)

Жерди пайдалануу процессин андан ары децентралдаштыруу, жеке адам- дарга жана юридикалык жактарга жер участокторуна укук берүүнүн так жол - жоболорун жана укуктук зоналарга бөлүү принциптеринин негизинде курулушка уруксаттарды алуунун тартибин бекитүү боюнча ишти улантуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 3-сентяб- рындагы № 290 "Инвеcтициялык жана башка ишкердик иш-аракеттерине кол- доо көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты андан ары өнүктүрүү ча- ралары жөнүндө" Указы менен бекитилген Инвестициялык матрицанын 2.6- пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Калктуу конуштарда жер участокторуна менчик же ижара укуктарын

акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо;

(КР Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 30-майындагы № 252 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтомунун редак- циясына ылайык)

2. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000 - жылдын 3 - февралындагы

№ 57 "Чакан жана орто бизнестин объекттерин жана аз кабаттуу жеке мен- чик турак үйлөрдү долбоорлоого, реконструкциялоого, профилин өзгөр- түүгө жана курууга уруксат документтерди берүүнүн тартиби жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-августундагы № 538 "Жер участокторун тоорукта менчикке же ижарага берүү тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому.

3. Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 11-декабрындагы № 728 "Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө" токтомуна № 1 тиркеменин он төртүнчү абзацы алып салынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги нормативдик укуктук

актылардагы карама-каршылыктарды жоюу жана аларды ушул токтомго ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитек- тура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргыз Республика- сынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мам- лекеттик агентство менен бирдикте эки айдын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына өзгөртүү-

лөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды даярдасын жана берсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-июлундагы № 457

"Жер участогуна укукту күбөлөндүргөн документтердин формаларын беки- түү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туу- ралуу Кыргыз Республнкасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдасын.

5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ве-

домстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергилик- түү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн нормативдик укуктук акты- ларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын соода, өнөр жай, курулуш комплекстери жана коммуникациялар бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кара- штуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссияга жана Кыр- гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды кат- тоо боюнча мамлекеттик агентствого жүктөлсүн.

Премьер-министр Н. Танаев
