# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы N 54 "Электр жана жылуулук энергиясын дүң рынокто эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы N 335 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы N 54 "Электр жана жылуулук энергиясын дүң рынокто эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы N 335 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55039>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9784/edition/323483/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55039.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы N 54 "Электр жана жылуулук энергиясын дүң рынокто эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы N 335 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (05.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55039

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы N 61 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2003-жылдын 3-февралы N 54

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Электр жана жылуулук энергиясын дүң рынокто эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы N 335 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 6-ноябрындагы N 356 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын электрэнергетикалык секто- рундагы абалды турукташтыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жар- лыгынын 3-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жьлдын 5-декабрындагы N 386 "Кыргыз Республикасынын Президентинин электрэнергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобону беки- түү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Прези- дентинин Электрэнергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү жөнүндө жо- бонун 7-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Электр жана жылуулук энергиясын дүң рынокто эсептешүүлөрдүн

тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасыпын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майын- дагы N 335 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 4-пункттун биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-

раштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президентинин электрэнергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү менен макулдашуу боюнча," деген сөздөр менен тиеше- лүү жөндөмөдө толукталсын;

- 5-пункт "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика бо-

юнча мамлекеттик агентство" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасы- нын Президентинин электрэнергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү менен макулдашылгандан кийин" деген сөздөр менен тиешелүү жөмдөмөдө то- лукталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен ка- зып алуу тармактар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
