# Токтогул шаардык кеңешинин 2022-жылдын 08-февралындагы № 07 "Түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токтогул шаардык кеңешинин 2022-жылдын 08-февралындагы № 07 "Түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 07
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/550147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75960/edition/1155234/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токтогул шаардык кеңешинин 2022-жылдын 08-февралындагы № 07 "Түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (08.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/550147

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы 2022-жылдын 08-февралы № 07 Түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, 2022-жылы Токтогул шаарында түрткү берүүчү гранттын эсебинен долбоорду ишке ашыруу аракеттери боюнча шаар мэри Б.Болгонбековдун 31.01.2022-жылдагы № 01-34/46 сунушу “Экономика,бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган. Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин

2. Түрткү берүүчу гранттын эсебинен, А.Козубеков атындагы паркта жайгашкан стадиондогу футбол аянтчасынын айланасындагы жолду (чуркоочу жолду) асфальттоо боюнча долбоорду ишке ашырууга байланыштуу төмөндөгүлөр эске алынсын:

- долбоордун жалпы наркы 3 147 814 сом;

- анын ичинен, жергиликтүү бюджеттин эсебинен, өздүк салым катары (долбоордун наркынын 25 %) бөлүнүп берилген каражат 786 900 сом;

1. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.

2. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) жана ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.

3. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (К.Дербишев).

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:

М.Н.Жусупахунов
