# КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55010>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/55010/edition/1184843/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55010.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтому (27.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55010

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2004-жылдын 17-январы № 25 Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 281, 2013-жылдын 30-декабрындагы № 716 , 2019-жылдын 2-майындагы № 203, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474, 2026-жылдын 27-августундагы № 588 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын калкынын турмуш деңгээлин андан ары изилдөө, 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын индикаторлорун мониторингдөө, калкты социалдык коргоо чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу, Азык-түлүк коопсуздугунун улуттук саясатын маалыматтык камсыздоо, үй чарбаларды изилдөөнүн малыматтарынын тууралыгын арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети:

- ай сайын 1672 үй чарбада сурамжылоо жүргүзүү менен ылгап изилденүүчү үй чарбалардын санын 5016 үй чарбага чейин жеткирсин;

- изилденүүчү үй чарбалар берүүчү маалыматтардын жашырындыгын "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздасын.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- изилдөөгө ыктыярдуу катышкан үй-бүлөлөргө кварталына 76 сомдон, инфляциянын деңгээлине жараша жыл сайын өзгөртүү менен компенсация берилет;

- сурамжы жүргүзүүчүлөргө календарлык ай ичинде иш жүзүндө изилденген үй чарбалардын санына жараша, ар бир үй чарба үчүн 737 сомдон акы; тапшырылган маршруттук баракчаларга жараша жол кире, ошондой эле бут кийим үчүн жылына эки жолу 900 сомдон акы төлөнөт;

- интервьюерлерге өргүү берилгенде ден соолугун чыңдоого эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө пособие төлөнөт;

- календарлык жылдын аягында интервьюерлерге эмгек акынын орточо айлык фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөт;

- интервьюерлерге иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн бир штаттык бирдикке 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм төлөнөт, ал өргүү акыларын, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашагандыгы, иштегендиги үчүн үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 281, 2013-жылдын 30-декабрындагы № 716 , 2019-жылдын 2-майындагы № 203, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474, 2026-жылдын 27-августундагы № 588 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үй чарбаларды ылгап изилдөөнү каржылоого керектүү каражаттарды жыл сайын бекитилүүчү республикалык бюджеттин чегинде өз убагында бөлүүнү караштырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-майындагы № 307 "Үй чарбаларын тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 716 токтомунун редакциясына ылайык)

| Премьер-министри | Н.Танаев |
