# Чүй айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-октябрындагы №9/8 "Чүй айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө." токтому

- Толук аталышы: Чүй айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-октябрындагы №9/8 "Чүй айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө." токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9/8
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/550089>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75902/edition/1134528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/550089.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чүй айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-октябрындагы №9/8 "Чүй айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө." токтому (26.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/550089

---

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 26-октябры №9/8 Чүй айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө. Чүй айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланышттын, энергетиканын, коргонуунун жерлерин жана башка максаттардагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) үчүн берилген материалдарды жана жерди бир категориядан экинчисине которуу боюнча 2021-жылдын 25-октябрындагы Чүй райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн комиссиянын корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Президенттин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 14-сентябрындагы кириш №04-1/445 катындагы ички жана тышкы инвестиция тартуу сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №169-токтому менен бекитилген 2014-жылдын 19-июнундагы «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө» Убактылуу жобосу, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11 беренеси, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» № 101 мыйзамын жетекчилике алуу менен Чүй айылдык кенеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чүй айыл аймагынын Чыгыш зонасында жайгашкан жалпы аянты 202,0 га болгон, № 81 (0,9 га), 87 (69,1 га), 89(8,2га), 91(3,3 га), 92(41,3 га), 94(38,6 га) 95(5,1 га), 96 (8,3 га), 97 (16,1 га), 98 (11,4 га), 100 (0,5 га), 101 (0,4 га), 102 (1,1 га) 103(0,1 га), 104 (0,1 га),105 (0,7 га), 106 (0,5 га), 107 (0,40 га), 108 (0,9 га) контурларында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер жайыт категориясынан», «Өнөр жайдын, транспорттун, байланышттын, энергетиканын, коргонуунун жерлерин жана башка максаттардагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Чүй айыл аймагынын Чыгыш зонасында жайгашкан жалпы аянты 202,0 га болгон, № 81 (0,9 га), 87 (69,1 га), 89(8,2га), 91(3,3 га), 92(41,3 га), 94(38,6 га) 95(5,1 га), 96 (8,3 га), 97 (16,1 га), 98 (11,4 га), 100 (0,5 га), 101 (0,4 га), 102 (1,1 га) 103(0,1 га), 104 (0,1 га),105 (0,7 га), 106 (0,5 га), 107 (0,40 га), 108 (0,9 га) контурларында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер жайыт категориясынан», «Өнөр жайдын, транспорттун, байланышттын, энергетиканын, коргонуунун жерлерин жана башка максаттардагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) Чүй райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер комитетинин төрагасы Э. Сакаевге жүктөлсүн.

Төрага

Алиев Р.А.
