# Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №21/7-5 “Токмок шаарынын канализациясын жана суу менен камсыз кылуу тутумун реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы мѳѳнѳтү ѳтүп кеткен пайыздык карызды жабууга акча каражаттарын бѳлүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №21/7-5 “Токмок шаарынын канализациясын жана суу менен камсыз кылуу тутумун реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы мѳѳнѳтү ѳтүп кеткен пайыздык карызды жабууга акча каражаттарын бѳлүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21/7-5
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/550077>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75890/edition/1146672/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/550077.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №21/7-5 “Токмок шаарынын канализациясын жана суу менен камсыз кылуу тутумун реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы мѳѳнѳтү ѳтүп кеткен пайыздык карызды жабууга акча каражаттарын бѳлүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ" токтому (10.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/550077

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VII КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

2021-жылдын 10-декабры №21/7-5 “Токмок шаарынын канализациясын жана суу менен камсыз кылуу тутумун реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы мѳѳнѳтү ѳтүп кеткен пайыздык карызды жабууга акча каражаттарын бѳлүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ Токмок шаардык мэриясынын 2021-жылдын 17-ноябрындагы №1645/1-4 Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 8-октябрындагы №19-04-01/286 каттарынын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78, 115-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Тѳмѳндѳгүлѳргѳ макулдук берилсин:

-каржылоонун максаттуу багыттарын ѳзгѳртүүгѳ – Токмок шааардык муниципалдык менчигинин чыгашалар сметасында 3111 “Имараттар жана курулуштар” беренеси боюнча, Токмок шаардык кеңешинин 22.01.2021-жылдын №306/39-4 токтомуна ылайык 2021-жылдын 1-январына карата калган каражаттардын эркин калдыктарынын эсебинен шаардын ички жолдорун капиталдык оңдоо максаттарына каралган 6652,2 миң сом ѳлчѳмүндѳгү бюджеттик ассигнованиелердин колдонулбай калгандыгына байланыштуу максаттуу багытын ѳзгѳртүүгѳ;

- Токмок шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 3111 “Имараттар жана курулуштар” беренесинен 2511 “Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” беренесине 6652,2 миң сом ѳлчѳмүндѳгү бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга;

- Ишке ашырылып жаткан “Токмок шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумун калыбына келтирүү” долбоорунун пайыздык үстѳгү боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы мѳѳнѳтүнѳн ѳтүп бара жаткан карыздарды жоюу үчүн 6 652 200 (алты миллион алты жүз элүү эки миң) сом ѳлчѳмүндѳгү акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттин 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин калдыктарынын эсебинен, “Токмок Водоканал” МИ аркылуу бѳлүп берүүгѳ.

2.Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын начальниги (Жумалиева Г.Т.) тарабынан ушул токтомдун 1 пунктуна ылайык тиешелүү ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин жана чыгымдоо жүргүзүлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.М.Сансызбаев
