# Кант шаардык кеңешинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 17/VI-28 "Кант шаардык кеңеши тарабынан бекитилген 21.12.2011-жылдагы № 205/ХХVI-25 - “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кант шаардык кеңешинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 17/VI-28 "Кант шаардык кеңеши тарабынан бекитилген 21.12.2011-жылдагы № 205/ХХVI-25 - “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17/VI-28
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/550046>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75859/edition/1134907/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/550046.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кант шаардык кеңешинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 17/VI-28 "Кант шаардык кеңеши тарабынан бекитилген 21.12.2011-жылдагы № 205/ХХVI-25 - “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (23.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/550046

---

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 6-сессия 2021-жылдын 23-декабры №17/VI-28 Кант шаардык кеңеши тарабынан бекитилген 21.12.2011-жылдагы № 205/ХХVI-25 - “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле «Мээрим соода борбору» ЖЧКнун Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылы №205/ХХVI-25 токтому менен бекитилген “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомунун 30-беренесинин 2.1.Бапынын 2-бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кант шаары, Ленин көчөсү 70 в дарегиндеги “П-2” аймагынан (зыяндуулуктун V классындагы өндүрүштүк ишкана аймагы) “Ц-1” (шаардын борбордук аймагына) жер тилкесин чыгаруу жөнүндө катын карап чыгып КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылы №205/XXVI-25 бекитилген “Кант шаарынын укуктуу аймактоо картасы” 30-беренесинин “Кант шаарынын курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” 2.1 Бап 2-бөлүгүнө төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Кант ш. Ленин көч.№70 в дарегинде жайгашкан 1100,0 кв.м. өлчөмүндөгү “П-2” аймагынан (зыяндуулуктун V классындагы өндүрүштүк ишкана аймагы), “Ц-1” жер тилкесине (шаардын борбордук аймагы) чыгарууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Малабаев Н.Э.) жүктөлсүн.

Төрага

М.Бейшебаев
