Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кант шаардык кеңешинин «Кант шаардык кеңеши тарабынан бекитилген 21.12.2011-жылдагы № 205/ХХVI-25 - “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 6-сессия 2021-жылдын 23-декабры №17/VI-28 Кант шаардык кеңеши тарабынан бекитилген 21.12.2011-жылдагы № 205/ХХVI-25 - “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле «Мээрим соода борбору» ЖЧКнун Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылы №205/ХХVI-25 токтому менен бекитилген “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомунун 30-беренесинин 2.1.Бапынын 2-бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кант шаары, Ленин көчөсү 70 в дарегиндеги “П-2” аймагынан (зыяндуулуктун V классындагы өндүрүштүк ишкана аймагы) “Ц-1” (шаардын борбордук аймагына) жер тилкесин чыгаруу жөнүндө катын карап чыгып КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылы №205/XXVI-25 бекитилген “Кант шаарынын укуктуу аймактоо картасы” 30-беренесинин “Кант шаарынын курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” 2.1 Бап 2-бөлүгүнө төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кант ш. Ленин көч.№70 в дарегинде жайгашкан 1100,0 кв.м. өлчөмүндөгү “П-2” аймагынан (зыяндуулуктун V классындагы өндүрүштүк ишкана аймагы), “Ц-1” жер тилкесине (шаардын борбордук аймагы) чыгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Малабаев Н.Э.) жүктөлсүн.
Төрага
М.Бейшебаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.