Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кенешинин «Кара – Балта шаарынын 2021 – жылынын бюджетти жана Кара-Балта шаарынын 2022-2023 – ж.ж. бюджетинин болжолу жөнүндө» токтому
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 8-апрели № 3 Кара – Балта шаарынын 2021 – жылынын бюджетти жана Кара-Балта шаарынын 2022-2023 – ж.ж. бюджетинин болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде Кара – Балта шаарынын шаардык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара – Балта шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлгөн 2021 – жылынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн – 207674,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинен: каражат бюджетти – 191594,7 миң сом, атайын шаардын каражаты – 16080,0 миң сом, №1 тиркеме ылайык.
2. Кара – Балта шаарынын 2022-2023 – жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин божомолу бекитилсин:
2022-жылга 214322,7 миң сом суммасында, жана 2023-жылга 219607,7 миң сом кирешелер жана чыгашалар боюнча божомолу, №2 жана №3 тиркемеге ылайык; 2022-2023-жылдарга бекитилген шаардык бюджеттин болжолдуу параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алынганда такталууга тийиш.
3. № 4 жана № 5 тиркемелерине ылайык шаардын бюджетинин жана атайын эсеп боюнча бюджетинин 2021 – жылга чыгаша бөлүгү бекитилсин.
4. Шаардык бюджеттин 2021 – жылына чыгаша бөлүгүн каржылоо накталай келип түшкөн киреше бөлүгүнүн чегинде жүргүзүлүүсү белгиленсин, эң биринчи кезекте корголгон эсеп-чоттор (эмгек акы, стипендия, социалдык фондго төгүмдөр, тамак – аш жана коммуналдык чыгымдар).
Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшүнө алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелер үчүн каралган суммаларды кыскартууга жол берилет. Каражаттарды сарптоо жана чыгымдардын беренелерин максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык жетекчилерине жүктөлсүн.
5. 2020- жылы жетишсиз каржылоо 2021-жылы болжолдонгон тиешелүү бюджеттердин чегерүүсүнүн чегинде толтурулаарын белгилөө.
6. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилерине Кара—Балта шаардык кеңешине 110,0 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүү жактырылсын.
7. Шаардык бюджеттен бир күнгө тамак – аш нормативи бекитилсин:
Башка топторго – 40 сом;
А.С. Макаренко атындагы №10 мектеп – гимназиясына – 105 сом.
8. “Манас” спорт топтому жана В.И. Ленина атындагы маданият үйү көрсөтүлгөн тейлөөдөн атайын эсепке түшкөн кирешелерди 60 % жумушчулардын эмгек акыларына колдонулусу, 40 % болсо ушул мекемелерге багытталуусу бекитилсин.
9. Шаардык Кеңештин аппаратына, мэриянын жана ММБнын кызматкерлерине 2015-жылдын 27-апрели № 258 Кыргыз Республикасынын “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуна ылайыкшаардык бюджеттен 30% өлчөмүндө төлөөлөр бөлүнүп берилсин.
10. 2016-жылдын 27-апрелининКыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Мыйзамынын 6, 7 пунктуларынын 31 беренесинин, 2017-жылдын 01-мартынын № 131 4 пунктчасы 4 пунктунун Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Өкмөтүнүн Токтомуна, ылайык Кара-Балта шаардык кенешинин аппаратына, мэрия аппаратына, муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерине ишин баалоо натыйжалуулугунан кийин сыйлык (кварталдык, жыйынтыкталган) беш айлык акысына чейин өлчөмүндө, умтулуусун түрткү катары кошумча беш миӊ сом өлчөмүндө(ай сайын) берилсин.
11. Шаардын мэринин резервдик фонду 1350.0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана 10.09.2015-жылдын №4 Кара-Балта шаарынын Токтому менен бекитилген “Кара-Балта шаар мэринин резервдик фонд боюнча жобосу менен жыл ичинде акча каражаты бөлүп берүүгө шаар мэрине уруксат берилсин.
12. Бюджеттик каражаттардын 01.01.2021-жылдагы эркин калдыгы 13012,1 миң сом суммасында, №6 тиркемеге ылайык жөнөтүлсүн.
13. 01.2021 – жылга атайын эсептер боюнча эркин калган 288,9 миң сомду №7 – тиркемеге ылайык колдонулсун.
14. Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан шаарды көрктөндүрүү, шаардын инфраструктурасын учурдагы жана капиталдык оңдоо үчүн бөлүнгөн иштердин тизмесин жана каражаттын көлөмүн, №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
15. “Универсал” муниципалдык ишканасына шаарды көрктөндүрүү, шаардын инфраструктурасын оӊдоо үчүн бөлүнгөн иштердин тизмеси жана каражаттын көлөмү бекитилсин №9 тиркемеге ылайык.
16. “Универсал” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигинин жана кызматтык маянасынын өзгөрүшү, №10 тиркемеге ылайык бекитилсин
17. Муниципалдык менчиктештирүү башкармалыгына, “Универсал” муниципалдык ишканасына, Билим берүү финансы материалдык камсыздоо боюнчашаардык бөлүмүнөжана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө товарларды сатып алууну, иштерди аткарууну, капиталдык оңдоодо жана тейлөөнү, андан тышкары менчике сатып аларда жана тамак-аш азыктарында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуу” мыйзамынын талабына ылайык уюштурулуп аткарылсын, “Универсал” муниципалдык ишканасы “КККП” жабык акционердик ишканасы менен Кара-Балта шаарынын турак жайларындагы башаламан таштандыларды алып салуу үчүн келишим түзсүн.
18. “Манас” Спорт топтомунун штаттык саны 71 бирдик өлчөмүндө бекитилсин
19. Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы билим берүү финансы материалдык камсыздоо боюнча шаардык бөлүмү кызматтык айлык акыларынын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “ Билим берүү тутумундагы кызматкерлердин айрым категорияларына 2015-жылдын 30 сентябрындагы №511 үчүн, эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” Токтомунун 16- тиркемесине ылайык белгилөө, ошондой эле беш миң сом өлчөмүндө эмгек акыгы түрткү берүүчү катары белгилөө жана беш сыйлык. Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуну №7 жана №14 –тиркемелерине ылайык “Алтын короз” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин алдындагы Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды күндүзгү борборунун кызматкерлерине эмгек акы белгилөө.
20. Кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары үчүн келишимдик негизде айына 1500 сом өлчөмүндө төлөм белгиленсин.
21. Кара-Балта шаарынын мэриясы муниципалдык социалдык тапшырыкка 150,0 миң сом бөлсүн.
22. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге казына тутумун айланып өтүп, атайын каражаттарды колдонууга тыюу салуу.Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда 100% атайын каражаттар тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.
23. Кара-Балта шаарынын бюджетинен бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттуу пайдаланылбаган каражаттар тиешелүү бюджеттерге төлөтүүгө тийиштүү.
24. Каттоодон өткөрүп ушул жарлыкты Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
25. Ушул токтомду аткаруу ишин Кара-Балта шаардык кеңешинин төрөгасына Байсариев А.Р. жана Кара – Балта шаарынын мэринеШакирбаев Д.Б. жүктөлсүн.
Шаардык кеңешинин төрагасы
А. Байсариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө…Постановление · 27.04.2015 · № 258
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон