# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 1 «Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө» КБШК 2021-жылынын 8-апрелиндеги №01 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 1 «Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө» КБШК 2021-жылынын 8-апрелиндеги №01 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/550041>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75855/edition/1130105/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/550041.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 1 «Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө» КБШК 2021-жылынын 8-апрелиндеги №01 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (29.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/550041

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 29-декабры № 2 «Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө» КБШК 2021-жылынын 8-апрелиндеги №01 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 36-беренелерине ылайык,«Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө» КБШКнин 08.04.2021-жылдагы № 01 токтомун жокко чыгарууга карата, Чүй облусунун Жайыл районунун прокуратурасынын протестинин негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Жайыл районунун прокуратурасынын КБШКнин 04.08.2021-жылдагы № 01 “Кара-Балта” шаарындагы жогорку жана орто медициналык окуу жайлардын студенттери үчүн клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу протести эске алынсын.

2. “Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө»” Кара-Балта шаардык кеңешинин 08.04.2021-жылдагы № 01 токтому жокко чыгарылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам

Кеңештин төрагасы

А.Байсариев
