# КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-февралындагы №66 " Ош облусу, Карасуу району, Присавай айылы дарегинде жайгашкан балдар санаториясынын имаратын "Ынтымак" чек ара заставасын жайгаштыруу үчүн 2024-аскер бөлүгүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-февралындагы №66 " Ош облусу, Карасуу району, Присавай айылы дарегинде жайгашкан балдар санаториясынын имаратын "Ынтымак" чек ара заставасын жайгаштыруу үчүн 2024-аскер бөлүгүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54988>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9738/edition/323410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54988.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-февралындагы №66 " Ош облусу, Карасуу району, Присавай айылы дарегинде жайгашкан балдар санаториясынын имаратын "Ынтымак" чек ара заставасын жайгаштыруу үчүн 2024-аскер бөлүгүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (29.09.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54988

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 6-февралы N 66

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Ош облусу, Карасуу району, Присавай айылы дарегинде

жайгашкан балдар санаториясынын имаратын "Ынтымак"

чек ара заставасын жайгаштыруу үчүн 2024-аскер бөлүгүнүн

балансына өткөрүп берүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-сентябрындагы №460 токтомунун редакциясына ылайык)

2024-аскер бөлүгүнүн "Ынтымак" чек ара заставасынын оперативдик-

кызмат иш - аракеттери үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында жана "Ми-

нистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомство-

лордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү,

өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелер менен ишканалардын Кыргыз

Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскери менен бай-

ланыштарын чыњдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөт-

үнүн 2003-жылдын 14-мартындагы N 133 токтомунун негизинде Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике

инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети Ош облусу, Карасуу

району, Присавай айылы дарегинде жайгашкан балдар санаториясынын имара-

тын "Ынтымак" чек ара заставасын жайгаштыруу үчүн Карасуу райондук оо-

рукананын балансынан 2024-аскер бөлүгүнүн балансына өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-

тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство ушул токтомдун 1-пунктунда

көрсөтүлгөн имаратка жанаша жайгашкан жер участогуна укукту ырастоочу

документтерди белгиленген тартипте тариздесин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике

инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасы-

нын мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан администрациялык имарат-

тарды пайдалануу боюнча Топтомо реестрге өзгөртүү киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын

иштери боюнча бөлүмүнө.

Премьер-министр Н.Танаев
