# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2003-жылдын 12-ноябры № 711 Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты өткөрүп берүү жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2003-жылдын 12-ноябры № 711 Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты өткөрүп берүү жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 711
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54853>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9627/edition/355824/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54853.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2003-жылдын 12-ноябры № 711 Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты өткөрүп берүү жөнүндө (23.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54853

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №248 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2003-жылдын 12-ноябры № 711

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан

администрациялык имаратты өткөрүп берүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 20-декабрындагы № 703 токтомунун

редакциясына ылайык)

Мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан администрациялык имарат-

тарды тартипке келтирүү жана натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-декабрындагы № 703 токтомуна ылай-

ык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Бишкек ша-

ары, Жаш Гвардия проспектиси, 32 дарегинде жайгашкан администрациялык

имараттын жайларында Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигин жана

анын структуралык подразделениелерин (Сот департаменти, сот департамен-

тинин Чүй облустук башкармалыгын) жайгаштырсын.

3. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Сот департаменти

Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 54 дарегинде жайгашкан имаратта экономи-

калык иштер боюнча Бишкек жана Чүй райондор аралык сотторун жайгаштыр-

сын.

4. (Бул пункттун тексти жарыяланууга жатпайт).

5. "Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун административдик имаратын Кыр-

гыз ССРинин Юстиция министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн 1972-жылдын 14-декабрындагы № 499 токтомунун

1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси - министр Б.Талгарбековго

жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
