# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-октябрындагы №654 "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын республикалык илимий-өндүрүштүк борборунун "Тамеки" илимий-өндүрүштүк станциясын Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Агрардык илим жана консультациялык кызматтар борборуна өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-октябрындагы №654 "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын республикалык илимий-өндүрүштүк борборунун "Тамеки" илимий-өндүрүштүк станциясын Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Агрардык илим жана консультациялык кызматтар борборуна өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 654
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54795>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9575/edition/323167/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54795.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-октябрындагы №654 "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын республикалык илимий-өндүрүштүк борборунун "Тамеки" илимий-өндүрүштүк станциясын Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Агрардык илим жана консультациялык кызматтар борборуна өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (23.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54795

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2003-жылдын 17-октябры № 654

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын

республикалык илимий-өндүрүштүк борборунун "Тамеки"

илимий-өндүрүштүк станциясын Кыргыз Республикасынын

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай

министрлигине караштуу Агрардык илим жана

консультациялык кызматтар борборуна

өткөрүп берүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 23-сентябрындагы № 527 токтомунун

редакциясына ылайык)

Республиканын тамеки чарбасынын ишин координациялоо, илимий-инно-

вациялык жана консультациялык камсыздоо, бул тармактагы илимий

изилдөөлөрдү кењейтүү жана терењдетүү максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын рес-

публикалык илимий-өндүрүштүк борборунун "Тамеки" илимий-өндүрүштүк

станциясы "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын ку-

рамынан чыгарылсын жана ал Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана

кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Агрардык илим жана кон-

сультациялык кызматтар борборунун карамагына өткөрүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигине караштуу Агрардык илим жана консультациялык кызматтар

борбору:

- "Тамеки" илимий-өндүрүштүк станциясын аныкталган тартипте кара-

магына алсын;

- эки айдын ичинде Тамеки чарбасы тармагындагы илимий

изилдөөлөрдүн программасын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин бекитүүсүнө

берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги "Тамеки" илимий-өндүрүштүк станциясын учурдагы финансы-

лык жылга бекитилген каражаттардын чегинде кармоо маселесин чечсин.

4. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 527 токтомуна

ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 12-февралындагы №

76 "Кыргыз Республикасында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүк чарбасын

стабилдештирүү жана жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун

10-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жана

жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
