# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-августу №545 " Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук боюнча агенствосунун айрым маселелери жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-августу №545 " Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук боюнча агенствосунун айрым маселелери жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 545
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9472/edition/414278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54687.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-августу №545 " Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук боюнча агенствосунун айрым маселелери жөнүндө" (21.01.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54687

---

КР Өкмөтүнүн

2013-жылдын 21-январындагы № 22 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2003-жылдын 28-августу №545

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы

№731 токтомунун редакциясында)

Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук боюнча

агенттигинин айрым маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын

Бањгизатка контролдук боюнча агенттигин түзүү жөнүндө" 2003-жылдын

17-июлундагы №182 Жарлыгынын 3-пунктун жана Кыргыз Республикасынын

Бањгизатка контролдук боюнча агенттигинин органдарында кызмат өтөөнүн

тартибин жөнгө салуучу керектүү ченемдик укуктук базаны түзгөнгө чейин

Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук боюнча агенттигин түзүү

жана өнүктүрүү, профессионалдуу кадрлар менен комплектөө маселелерин

оперативдүү чечүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Респуб-

ликасынын Бањгизатка контролдук боюнча агенттигинин жобосун жана

структурасын бекитүү жөнүндө" 2003-жылдын 7-августундагы №261 Жарлыгы-

нын 2-пунктун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук боюнча агенттиги-

нин (мындан ары - Агенттик) сунушу боюнча министрликтер, мамлекеттик

комитеттер жана администрациялык ведомстволор конкурстук тандоодон

өткөн кызматкерлерди Агенттиктин органдарында андан ары кызмат өтөө

үчүн тоскоолсуз командировкага жиберсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы (макулдашуу

боюнча) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-

касынын Адилет министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо

министрлиги Агенттиктин органдары тарабынан кармалган жана камалган

адамдарды убактылуу кармоо жана тергөө жүргүзүү изоляторлорунда кармоо-

ну, ошондой эле зарыл экспертизаларды жана текшерүүлөрдү жүргүзүүнү

камсыз кылышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы (макулдашуу

боюнча) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-

касынын Адилет министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги,

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы, Кыршз Республикасынын Финансы

министрлиги болгон маалымат банкын пайдаланууга жана белгиленген тар-

типте Агенттиктин органдарында кызмат өтөө боюнча талапкерлер жөнүндө

маалыматтарды берүүгө көмөк көрсөтүшсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын

иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
