# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августу № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августу № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 537
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54679>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9465/edition/1148634/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54679.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августу № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" (03.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54679

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2003-жылдын 21-августу № 537 Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622, 2012-жылдын 3-декабрындагы № 807 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында баалоо ишмердигин өнүктүрүү жана жөнгө салуу боюнча ченемдик-методологиялык база түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында баалоо ишмердигин өнүктүрүү жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укук берилген орган деп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622, 2012-жылдын 3-декабрындагы № 807 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелери;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Баалоо ишмердигин өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө жобо.

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622, 2012-жылдын 3-декабрындагы № 807 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 807 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 17-мартындагы № 147 "Кыргыз Республикасында мүлктү көз карандысыз баалоочулардын иш-аракеттерин өнүктүрүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-июлундагы № 482 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 4-августундагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу Мүлктүн наркын баалоо боюнча кеңештин курамы жөнүндө" токтому;

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, иивестициялар жана мамлекеттик менчик башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н.Танаев
