# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 469
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54610>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9398/edition/1255507/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54610.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (23.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54610

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2003-жылдын 25-июлу № 469

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2012-жылдын 29-июнундагы № 461, 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомдорунун редакцияарына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 395 "2006-2010-жылдарга Майыптарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2006-2010-жылдарга Майыптарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомдорунун редакциясына ылайык)

2. Майыптардын кресло-коляскалары менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2012-жылдын 29-июнундагы № 461, 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомдорунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги майыптардын кресло-коляскаларын сатып алууга социалдык өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын толук көлөмдө каржылоону камсыздасын.

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2012-жылдын 29-июнундагы № 461, 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 токтомдорунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2012-жылдын 29-июнундагы № 461 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Н.Танаев
