# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы N 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы N 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 451
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54593>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9381/edition/866949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54593.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы N 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому (08.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54593

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2003-жылдын 22-июлу N 451 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө

Мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын союздарынын, ассоциацияларынын) макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин курамы боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.

Премьер-министри

Н. Танаев
