Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун жана Аксуу районунун Каракол шаарынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-10-18.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2003-жылдын 21-июну № 367 Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун жана Аксуу районунун Каракол шаарынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Каракол шаарынын башкаруу органдары жөнүндө" 2003-жылдын 14-апрелиндеги Указын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү штаттык саны (имараттарды тейлөө жана кайтаруу боюнча персоналды кошпогондо) бекитилсин:
- № 1 жана 2 тиркемелерге ылайык - Ысыккөл облусунун Каракол шаарынын мэриясыныкы жана мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарыныкы;
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, мамлекеттик комиссиялары Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте:
- Ысыккөл облусунун Каракол шаарында жана Аксуу районунда жалпы сандын жана 2003-жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде ведомствого караштуу структураларды түзүшсүн;
- жаңы түзүлгөн ведомствого караштуу шаардык жана райондук структураларды финансылык жана уюштуруу-техникалык камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте төмөнкүлөр сунушталсын:
- Ысыккол облусунун Каракол шаарында жана Аксуу районунда жалпы сандын жана 2003-жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде ведомствого караштуу структураларды түзсүн;
- жаңы түзүлгөн ведомствого караштуу шаардык жана райондук структураларды финансылык жана уюштуруу-техникалык камсыздоо боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети Ысыккөл облусунун Каракол шаарынын мэриясы менен бирдикте жаңы түзүлгөн мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын кызмат жайлары жана имараттары менен камсыздашсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик кызмат, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-июнундагы № 367 токтомуна № 1 тиркеме
Ысыккөл облусунун Каракол шаарынын мэриясынын
ШТАТТЫК САНЫ
| № | Кызматы | Саны |
|---|---|---|
| 1 | Мэр | 1 |
| 2 | Вице-мэр | 1 |
| 3 | Аппарат жетекчиси | 1 |
| 4 | Сектор башчысы | 2 |
| 5 | Башкы бухгалтер | 1 |
| 6 | Системалык администратор | 1 |
| 7 | Башкы адис | 2 |
| 8 | Жетектөөчү адис | 1 |
| 9 | 1-категориянын адиси | 1 |
| 10 | Жетекчинин секретары | 1 |
| 11 | Секретарь-машинистка | 1 |
| 12 | Чарба башчысы | 1 |
| Бардыгы | 14 |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчиси - Министр
Б.Талгарбеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-июнундагы № 367 токтомуна № 2 тиркеме
Ысыккөл облусунун Каракол шаарынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын ШТАТТЫК САНЫ
| № | Аталышы | Саны |
|---|---|---|
| 1 | Шаардык финансылык бөлүмү | 10 |
| 2 | Шаардык салык инспекциясы | 32 |
| 3 | Шаардык билим берүү бөлүмү | 6 |
| 4 | Шаардык социалдык коргоо башкармалыгы | 28 |
| 5 | Калкты иш менен камсыз кылуу боюнча шаардык бөлүмү | 9 |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчиси - Министр
Б.Талгарбеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-июнундагы № 367 токтомуна № 3 тиркеме
Ысыккөл облусунун Аксуу райондук мамлекеттик администрациясынын штаттык саны ШТАТТЫК САНЫ
КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчиси - Министр
Б.Талгарбеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-июнундагы № 367 токтомуна № 4 тиркеме
Ысыккөл облусунун Аксуу районунун мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын ШТАТТЫК САНЫ
КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчиси - Министр
Б.Талгарбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 28 декабря 2004 года № 965 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 2 августа 2001 года № 406 "О типовой…Постановление · 28.12.2004 · № 965 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 14 апреля 2003 года № 128 "Об органах управления города Каракол Иссык-Кульской области Кыргызской Республики"Указ · 14.04.2003 · № 128
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы N 472 "Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө"…Постановление · 18.10.2007 · № 472 · Күчүн жоготкон