# КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 961
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54499>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9298/edition/1031828/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54499.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (29.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54499

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2004-жылдын 28-декабры № 961 Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8, 2007-жылдын 23-октябрындагы № 512, 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 230, 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 606, 2015-жылдын 25-мартындагы № 157, 2015-жылдын 10-августундагы № 564, 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 7-статьясынын 2-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (5-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (6 абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 157 токтомуна ылайык күчүн жоготту);

- (7-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (8-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (9-абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (10-абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (11-абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын атайын каражаттарды колдонушунун эрежелери;

- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары колдонуучу дүрмөттүү куралдын, ок-дарылардын, коргонуунун атайын каражаттарынын, автотранспортту токтотуу үчүн атайын каражаттардын түрлөрүнүн тизмеси;

- (14-абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 157, 2015-жылдын 10-августундагы № 564, 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 21-январындагы № 25 "Автомототранспортту бажылык тариздөөдө бажылык жыйымдарды алуу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 4-апрелиндеги № 164 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары ант беришинин аземин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 22-майындагы № 180 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары колдонуучу ок атуучу куралдын, ок-дарылардын, коргонуунун атайын каражаттарынын, автотранспортту токтотуу үчүн атайын каражаттардын түрлөрүнүн тизмеси жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын атайын каражаттарды колдонуусунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 26-майындагы № 194 "Манас-1000" Мамлекеттик дирекциясын рекламалык жана басма продукцияга бажылык пошлиналарды жана акциздик салыкты төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-августундагы № 368 "Автобензинди бажыдан чыгаруу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-февралындагы № 106 "Товарлардын бажылык наркын аныктоо методикасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 27-августундагы № 486 "Гермес-профи" спорт клубун бажылык пошлина төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-ноябрындагы № 664 "Спиртти жана акциздик маркалар менен маркировкаланууга тийиш болгон башка товарларды бажылык тариздөөгө жана сактоого арналган мамлекеттик убактылуу сактоочу жана бажылык кампалардын (терминалдардын) тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 2-мартындагы № 121 "Кыргызэнерго" акционердик коомуна жана "Кыргызжилкоммунсоюзга" бажылык төлөмдөрдү төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 128 "Бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-мартындагы № 132 "Бажылык агент жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.

5. Бул токтом 2005-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирери белгиленсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н. Танаев
