# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы №516 "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясын түзүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы №516 "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясын түзүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 339
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9282/edition/399612/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54477.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы №516 "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясын түзүү жөнүндө"токтому (15.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54477

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2003-жылдын 9-июну № 339

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

министрлигине караштуу Кыргыз билим

берүү академиясын түзүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 15-сентябрындагы № 516,2011-жылдын 15-июнундагы № 318

токтомунун редакциясына ылайык)

Республиканын билим берүү системасынын ишинин натыйжалуулугун жо-

горулатуу жана анын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кошулушу багытын-

дагы координациялоочу ролду күчөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын

Билим жана илим министрлигинин илимий жана педагогикалык мекемеле-

ринин билим берүү чөйрөсүн өркүндөтүүнүн илимий-теориялык багыттарын

иштеп чыгуу боюнча ишкердигин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү токтом кылат:

1 . Кыргыз билим берүү институтунун, Кыргызстандын жогорку мектеп-

тин проблемаларын илимий-изилдөө институтунун жана Информатика жана ин-

формациялык технологиялар институтунун базасында Кыргыз Республикасынын

Билим жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академия-

сы (мындан ары - Кыргыз билим берүү академиясы) түзүлсүн.

2. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы № 516 токтомуна

ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз билим берүү академиясынын президентине Кыргыз билим

берүү академиясынын сметасында каралган эмгек акы төлөө фондунун чегин-

де:

- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- төрт айлык эмгек акы төлөө фондунун өлчөмүндө каражатты жумшоо

менен кызматкерлерди сыйлоого;

- эки айлык эмгек акы төлөө фондунун өлчөмүндө каражатты жумшоо

менен кызматкерлерге материалдык жардам көрсөтүүгө укук берилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 6-январындагы № 5

"Кыргыз билим берүү институтун түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп

эсептелсин.

Премьер-министр Н.Танаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2003-жылдын 9-июнундагы

№ 339 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү

академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын

кызматкерлеринин кызматтык маяналары

| Кызмат орундардын аталышы | Кызматтык маяна |
| --- | --- |
|  | (сом менен) |
| Президент | 3500 |
| Вице-президент | 3000 |
| Окумуштуу-катчы | 1890 |
| Президенттин финансылык-чарбалык иштер | 2800 |
| боюнча орун басары |  |
| Жетектөөчү адис | 1335 |

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин

Аппарат Жетекчиси - министр Б.Талгарбеков
