# КРӨкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 332 "Элдик" деген ардактуу наамы бар адамдардын эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КРӨкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 332 "Элдик" деген ардактуу наамы бар адамдардын эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 332
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54471>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9276/edition/444312/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54471.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КРӨкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 332 "Элдик" деген ардактуу наамы бар адамдардын эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому (25.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54471

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 240 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2003-жылдын 6-июну № 332 "Элдик" деген ардактуу наамы бар адамдардын эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 31-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу", "Кыргыз Республикасынын эл акыны", "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү", "Кыргыз Республикасынын эл артисти" жана "Кыргыз Республикасынын эл мугалими" деген ардактуу наамы бар адамдардын эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Указын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республкасынын эл жазуучусу", "Кыргыз Республикасынын эл акыны", "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү", "Кыргыз Республикасынын эл артисти" жана "Кыргыз Республикасынын эл мугалими" деген ардактуу наамы бар адамдардын негизги иштеген жери боюнча эмгек акысы 2003-жылдын 1-январынан баштап 100 процентке жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмгек акыны жогорулатуу үчүн керектүү финансылык каражаттарды издеп тапсын.

3. Бул токтом "СССРдин эл жазуучусу", "СССРдин эл акыны", "СССРдин эл сүрөтчүсү", "СССРдин эл артисти" жана "СССРдин эл мугалими" деген наамы бар адамдарга колдонуулары белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н.Танаев
