# КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын жарандык кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын жарандык кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54376>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9187/edition/793286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54376.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын жарандык кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүү жөнүндө" токтому (21.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54376

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 235 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2003-жылдын 22-апрели № 237 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын жарандык кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 27-январындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаны аткаруу боюнча башкы башкармасынын жана Түзөтүү мскемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын акчалай күтүү жөнүндө" Указын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин органдарын, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасын тейлеген жарандык кызматкерлердин кызматтык маяналары 50 процентке көбөйтүлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтом менен белгиленген кызматтык маяналар 2003-жылдын 1-январынан баштап, бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде киргизилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Н. Танаев
