Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын жарандык кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 21 апреля 2017 года № 235 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-04-21.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 235 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2003-жылдын 22-апрели № 237 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын жарандык кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 27-январындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаны аткаруу боюнча башкы башкармасынын жана Түзөтүү мскемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын акчалай күтүү жөнүндө" Указын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин органдарын, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасын тейлеген жарандык кызматкерлердин кызматтык маяналары 50 процентке көбөйтүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом менен белгиленген кызматтык маяналар 2003-жылдын 1-январынан баштап, бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Н. Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 235 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 21.04.2017 · № 235
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.