# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы N 168 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы N 168 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 168
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54307>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9124/edition/852965/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54307.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы N 168 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому (13.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54307

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2003-жылдын 26-марты N 168 Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277, 2005-жылдын 13-августундагы N 370 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобо;

- Мамлекеттик мүлктү тике сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобо.

(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 370 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Мамлекет катышкан финансылык-кредиттик мекемелерди менчиктештирүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен белгилениши мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана мамлекеттик менчик башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министри

Н. Танаев
