# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54280>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9100/edition/907125/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтому (20.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54280

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2003-жылдын 19-марты № 143

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- (Экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 463 токтомуна ылайык алып салынды)

- (Үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 463 токтомуна ылайык алып салынды)

- Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын (номерлүү агрегаттарды) сатуу жана алардын наркын баалоо методикасы жөнүндө жобо.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчиктин менчиктештирилчү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 1-апрелиндеги № 184 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы N 233 токтомунун 6-пункту.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана мамлекеттик менчик башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н.Танаев
