# Постановление Правительства КР от 25 ферваля 2003 года №93 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 25 июня 1997 года № 377 «Об оказании государственной поддержки лицам, проживающим и работающим в высокогорных и отдаленных зонах Кыргызской Республики»"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/54232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-9057/edition/322365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/54232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 25 ферваля 2003 года №93 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 25 июня 1997 года № 377 «Об оказании государственной поддержки лицам, проживающим и работающим в высокогорных и отдаленных зонах Кыргызской Республики»" (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/54232

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2003-жылдын 25-февралы № 93

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы №337 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан айрым калктуу конуштардын бийиктиктери, аталыштары жана администрациялык-аймактык бөлүнүшү такталгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы №337 токтомунун 1-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- "Акталаа району" бөлүмүнүн 10-пунктунун (Кайыңдыбулак) жана "Алай району" бөлүмүнүн 53-пунктунун (Күнэлек) "райондук коэффициент" деген саптарында "1,20" жана "1,15" деген сандар тиешелүүлүгүнө жараша "1,50" жана "1,45" деген сандар менен алмаштырылсын;

- Ош областынын Алай району деген бөлүмдө 21 жана 22 пункттар алып салынсын;

- Ош областынын Алай району деген бөлүмдө 23-100-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 21-98-пункттар деп эсептелсин;

- Ош областынын "Чоңалай району" деген бөлүм төмөнкү пункттар менен толукталсын:

" 23. Жайылма-1 1,45

24. Жайылма-2 1,45"

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, жогоруда аталган калктуу конуштардын тургундарынын эмгек акысына, пенсияларына жана башка социалдык төлөмдөрүнө карата тиешелүү коэффициенттерди жана пайыздык төлөмдөрдү жетиштүү чегерүү жана төлөп берүү үчүн кошумча каражаттарды издеп табышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "2003-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык коэффициенттерди жана үстөктөрдү төлөөнү караштырган тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Ушул токтомдун 1-пункту менен белгиленген коэффициенттерди жана үстөктөрдү төлөө 2003-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н.Танаев
