Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2003-жылдын 17-февралы № 76 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 169, 2006-жылдын 20-январындагы № 32, 2007-жылдын 11-майындагы № 171, 2008-жылдын 14-июлундагы № 376, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) туусунун тиркелген баяндамасы бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы N 32, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тууну тапшыруу, алып чыгуу жана сактоо тартибин бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) туусун даярдоо менен байланышкан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы 2003-жылга бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы N 32, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Премьер-министр
Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-февралындагы № 76 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) туусунун баяндамасы (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы № 32, 2008-жылдын 14-июлундагы № 376, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын туусу тик бурчтуу формадагы эки тараптуу кездеме түрүндө болот. Көк түстөгү жибек кездемеден эки катталып, үч капталынын четтерине жалтылдак сары түстөгү жибек чачы тигилет. Кездеменин узундугу 1500 миллиметр, эни - 1100 миллиметр. Кездеменин өң жагынын дал ортосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызыл-ак-сары түстөгү символика белгисинин сүрөттөлүшү жайгаштырылат (бүркүт, анын алдына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин фрагменти - түндүк, анын артында эки кылычтын сүрөттөлүшү). Символика белгисинин өлчөмү диаметринде 600 миллиметр. Символика белгисинин алдына "ФИНАНСЫ ПОЛИЦИЯСЫ" деген жазуу жайгаштырылган. Кездеменин арткы бетинин дал ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Мамлекетгик гербинин өлчөмү - диаметринде 650 миллиметр. Туунун таягы жыгач, кочкул-күрөң түстө, диаметри 40 миллиметр жана узундугу 2500 миллиметр. Туунун учу дат баспас болоттон жасалган. Анын узундугу - 250 миллиметр. Туунун боосу учтарында эки чачысы бар жалтылдак сары түстөгү эшилген жибек кездемеден даярдалат. Боонун узундугу чачысы менен бирге 2800 миллиметр.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы №32 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2006 · № 32 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери"Постановление · 14.07.2008 · № 376 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 171 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициясынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.05.2007 · № 171 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-апрелинин № 169 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция башкармасы жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2005 · № 169 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомуПостановление · 20.12.2017 · № 826
Шилтеме берет (7)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
7 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.