Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын жана туристтик комплекстерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 30 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2003-жылдын 17-февралы N 72
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын жана туристтик комплекстерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы N 30 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын жана
туристтик комплекстерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы N 30 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
- "Бакыт" жоопкерчилиги чектелген коомуна Чолпон-Ата шаарынын пай-
даланылбаган 8,0 га башка жерлеринен эс алуу базаларын долбоорлоо жана куруу үчүн 49 жыл мөөнөткө убактылуу пайдаланууга;".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.