44-статья. Жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдарды бузуу үчүн
Күчүн жоготкон · 09.08.2012 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 9 августа 2012 года № 160.
жоопкерчилик
Ушул Мыйзам менен каралган жер казынасына ээ болуу, пайдалануу жана тескөө укугунун ачык же жабык түрдө бузулушуна алып келген бүтүмдөр жараксыз деп табылат. Аталган бүтүмдөрдү түзүүдө, ошондой эле:
- жер казынасын пайдалануу боюнча жумуштарды иштегендердин жана калктын коопсуздугу үчүн коркунуч келтиришине, жер казынасынын жана курчап турган чөйрөнүн бузулушуна алып келүүчү ыкмалар жана жолдор менен жүргүзүүдө;
- пайдалуу кендер жайгашкан аянттарга өз алдынча курулуштарды курууда;
- жер казынасын өз эркинче пайдаланууда;
- кен чыккан жерди сарамжалдуу эмес тандап иштетүү, минералдык сырьену казып алууда жана кайра иштетүүдө пайдалуу кендердин нормадагыдан ашыкча жоготууларын түзүүдө;
- жер казынасы жөнүндөгү маалыматка менчик укугун бузууда;
- жер астындагы сууларга байкоо жүргүзүү үчүн режимдик көзөнөктөрдү, маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди жок кылууда же бузууда;
- жоюлуучу же консервациялануучу тоо-кен казмаларын жана бургулоо көзөнөктөрүн калктын коопсуздугун камсыз кылуучу абалга келтирүү боюнча талаптарды, ошондой эле тоо-кен казмаларын жана бургулоо көзөнөктөрүн мекеменин консервациялануу мезгилинде сактоо боюнча талаптарды аткарбоодо күнөөлүү болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Жер казынасын өзү билип пайдалануу жана пайдалуу кендер орун алган жерге курулуштарды өзү билип куруу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын чечиминин негизинде чыгымдардын ордун толтуруусуз токтотулат.
Берененин тексти 09.08.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/542/st-44" title="44-статья - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>