# 36-статья. Пайдалуу кендердин корлорунун мамлекеттик баланстары

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/542)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 42 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 августа 2012 года № 160 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-511/edition/507852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/542/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 36-статья (09.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-36

---

Корлордун мамлекеттик баланстары өнөр жайлык мааниси бар кен чыккан жерлер боюнча пайдалуу кендердин саны, сапаты жана канчалык даражада иликтенгендиги, алардын экономикалык баалуулугу, жайгашышы жана өнөр жайлык өздөштүрүлүү даражасы, казып алынышы, коромжуга учурашы жана аракеттеги ишканалардын пайдалуу кендердин чалгындалган корлору менен камсыз болушу тууралу маалыматтарды камтыйт. Пайдалуу кендердин корлорунун мамлекеттик баланстары мамлекеттик экспертизанын корутундусунун жана пайдалуу кендер чыккан жерди иликтеп жана иштетип, минералдык сырьену кайра иштетип жаткан жер казынасын пайдалануучулардын отчеттуулугунун негизинде түзүлөт. Пайдалуу кендер корлорунун мамлекеттик баланстары жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-37)
