# 35-статья. Жер казынасын пайдалануудагы мамлекеттик кадастрлар

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/542)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 42 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 августа 2012 года № 160 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 февраля 2002 года N 23 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/970)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/542#diff=507853..507854>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-511/edition/507852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/542/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 35-статья (09.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-35

---

Мамлекеттик кадастрлар пайдалуу кендердин чыккан, байкалган жерлери жана техногендик түзүлүштөрү боюнча, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу үчүн белгиленбеген максаттарда колдонуудагы жер казынасындагы объекттер боюнча түзүлөт. Пайдалуу кендердин чыккан, байкалган жерлеринин жана техногендик түзүлүштөрүнүн мамлекеттик кадастрлары алардын жайгашкан жерин, негизги жана аны менен кошо жаткан пайдалуу кендердин санын жана сапатын мүнөздөөчү маалыматтарды, тоо-кен техникалык, гидрогеологиялык жана башка пайдалуу кендер чыккан жерди иштетүүнүн башка шарттарын жана алардын экономикалык бааланышын камтыйт. Пайдалуу кендерди казып алуу үчүн белгиленбеген жер казынасынын объекттеринин мамлекеттик кадастрлары объекттердин жайгашкан жери, өлчөмү, багыты, колдонуу мөөнөтү, тоо-кен геологиялык жана башка жаратылыш шарттары жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Мамлекеттик кадастрлар жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. (КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-36)
