# 32-статья. Жер казынасы жөнүндөгү маалыматтарды пайдалануу

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/542)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 42 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 августа 2012 года № 160 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 103 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203343)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.07.2011 [Закон КР от 15 июля 2011 года № 103 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203343); 04.02.2002 [Закон КР от 4 февраля 2002 года N 23 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/970)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/542#diff=507856..507857>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-511/edition/507852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/542/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 32-статья (09.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-32

---

Мамлекеттик бюджеттен каржылоо учурунда алынган жер казынасы жөнүндөгү маалымат Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет. Ишкерлер, ишканалар жана уюмдар, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк ишкерлер тарабынан каржылоо учурунда алынган жер казынасы жөнүндөгү маалымат лицензиялык макулдашууда аныкталган мезгил ичинде алардын менчиги болот, ал мезгилдин өтүшү менен жер казынасы жөнүндөгү маалымат мамлекеттин менчигине акы төлөөсүз өтөт. Каржылоо булагына карабастан алынган жер казынасы жөнүндөгү маалымат жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга жер казынасы жөнүндө мамлекеттик маалымат фондусуна киргизүү үчүн өткөрүп берилет. Жер казынасын жөнүндөгү маалыматты алууга мүмкүнчүлүгү бар кызмат адамдары лицензиаттарды маалыматтын конфиденциалдуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Жер казынасы жөнүндөгү мамлекеттик маалыматты пайдалануунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, ал эми акционердик жана жеке менчик жер казынасы жөнүндөгү маалыматты пайдалануу тартиби жана шарттары - бул маалыматтын ээси менен макулдашылган түрдө жер казынасын пайдалануу жөнүндө лицензияны ага берүүдө жана лицензиялык макулдашууда аныкталат. (КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23, 2011-жылдын 15-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-31-1)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-33)
