# 29-статья. Жер казынасын пайдалануу жумуштарын коопсуз жүргүзүү

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/542)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 42 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 августа 2012 года № 160 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 103 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/542#diff=507856..507857>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-511/edition/507852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/542/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 29-статья (09.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-29

---

Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды, жер астында ар кандай багыттагы курулуштарды курууга жана эксплуатациялоого, жер казынасын геологиялык иликтөө жүргүзүүгө ишканалардын кызматкерлеринин жана жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштердин таасири тийүүчү зонадагы калктын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылганда гана жол берилет. Мамлекеттик органдар, ошондой эле жер казынасын пайдалануучулар өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде жер казыналарын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү. (КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-30)
