# 24-статья. Жер казынасын пайдаланууда жер бөлүндүлөрүндө

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/542)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 42 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 августа 2012 года № 160 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-511/edition/507852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/542/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 24-статья (09.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-24

---

сервитуттун пайда болушу

Чектеш же чектеш эмес жер бөлүндүлөрүнө эркин же мажбурлап жетүү укугу төмөнкү учурларда пайда болот:

1) жер бөлүндүсүнүн аянты боюнча салынган авто- жана темир жол магистралдарын, суу өткөөлдөрүн, мунайзат, газ түтүктөрүн, электр линияларын жана башка региондук жана мамлекеттик маанидеги курулуштарды тейлөөдө жана оңдоодо;

2) эгерде тоо-кен бөлүндүсүндөгү авариялык кырдаалдарды жоюу үчүн чектеш жана (же) чектеш эмес жер бөлүндүлөрү тарабынан тезирээк жол ачылса;

3) геофизикалык, топографиялык, маркшейдерлик, археологиялык жана башка мамлекеттик маанидеги изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-25)
