# 17-1-статья. Жер казынасын пайдаланууну чектөө

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/542)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 42 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 августа 2012 года № 160 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-17-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-511/edition/507852/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 17-1-статья (09.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-17-1

---

Өлкөнүн коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жер казынасынын айрым участокторун пайдаланууга чек коюлушу же тыюу салынышы мүмкүн. Калктуу пункттардын, шаардын айланасындагы зоналардын, токойлордун аймактарында, өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарында, өнөр жай, транспорт жана байланыш объекттеринде жер казынасын пайдаланууга, эгерде мындай пайдалануу адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурушу, чарба объекттерине же айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон учурларда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жарым-жартылай же толук тыюу салынышы мүмкүн. (КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги №34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-17)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-18)
