# 16-статья. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/542)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 42 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 августа 2012 года № 160 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 апреля 2012 года № 34 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203634)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.04.2012 [Закон КР от 13 апреля 2012 года № 34 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203634); 28.10.2011 [Закон КР от 28 октября 2011 года № 187 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрах""](https://aqlex.ai/kg/doc/203426); 29.12.2006 [Закон КР от 29 декабря 2006 года № 234 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202031); 04.02.2002 [Закон КР от 4 февраля 2002 года N 23 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/970)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/542#diff=507858..507859>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-511/edition/507852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/542/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 16-статья (09.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-16

---

Жер казынасын пайдалануу укугун берүү конкурс, аукцион өткөрүү жана түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат.

Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы N 151-р ("Тереккан", "Перевальное" алтын чыккан жерлерин, "Терек" алтын-сурьма чыккан жерин иштетүү максатында жер казынасын пайдаланууга жана Терексай аянтын геологиялык изилдөөгө укук алуу үчүн конкурс өткөрүүнүн тиркелген Тартибин бекитүү тууралу) буйругу

Жалпы мамлекеттик маанидеги алтын, мунай, газ жана башка объекттер боюнча конкурстар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жарыяланат жана өткөрүлөт. Конкурстун шарттарын жана анын жеңүүчүсүн ар бир белгилүү объект боюнча атайын дайындалуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конкурстук комиссиясы аныктайт. Конкурстун шарттарында инвесторлордун баалуулугу теңме-тең сунуштары болгондо ата-мекендик атаандашка артыкчылыктуу укук берүү милдеттүү каралууга тийиш. Атаандаштардын зарыл санынын жоктугунан конкурс же аукцион эки жолу натыйжасыз өткөрүлгөн учурларда, жер казыналарын пайдалануу укугу түздөн-түз сүйлөшүүлөр жолу менен берилет. Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүүнү түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган жүргүзөт. Табыштамада табыштама берүүчү, жер казынасын пайдалануунун орду жана түрү жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. Табыштамага:

- юридикалык жактар үчүн уюштуруу документтеринин жана уставынын же жеке жактар үчүн каттоо документтеринин көчүрмөлөрү;

- табышталган объекттеги пайдалуу кендерди казып алуу, капиталдык салымдар, эксплуатациялык чыгымдар, кирешелер жана долбоордун рентабелдүүлүгү боюнча ирилештирилген техникалык-экономикалык эсептөөлөр менен байланышпаган геологиялык иликтөөнүн же иштеп чыгуулардын же жер астына курулуучу курулуш жайларын куруу жана пайдалануу программасы;

- жер казынасын өздөштүрүү программасына ылайыктуу табышталган объектти каржылоонун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдамасы кошо тиркелет.

Жер казынасынын объектинен пайдалануу укугун алууга табыштама жана ага тиркелген материалдар жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бир айга чейинки мөөнөттө каралат. Эгерде табыштама берүүчү:

- өзү тууралу туура эмес маалыматтарды берсе;

- жер казынасынын объектин натыйжалуу, техникалык жана экологиялык жактан коопсуз өздөштүрүү үчүн зарыл болгон каржылоо ресурстарына ээ болбосо жер казынасын пайдалануу же конкурска катышуу укугунан ажыратылышы мүмкүн.

Жер казынасынын объектинен пайдалануу укугуна лицензия берүү жана лицензиар менен лицензиаттын ортосунда ишти долбоорлоого лицензиялык келишимди түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен конкурстук объект боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын чечиминин негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Лицензиялык келишимде тарыхый чыгымдарды төлөөнүн шарттары айтылууга тийиш. Тарыхый чыгымдардын наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык эсептелет. Лицензиялык келишимде макулдашылган мөөнөттө лицензиат техникалык, экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо боюнча экспертизаларды жүргүзүү жана пайдалуу кен байлыктары чыккан жерди иштеткен учурда жер участкасын убактылуу пайдалануу укугунун ырастамасы же геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жер укугунун ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен иш жүргүзүүнүн техникалык долбоорун жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга берет. Жер казынасынын бүтүндүгүн бузуу менен байланышкан иштерге техникалык долбоор макулдашылганга чейин тыюу салынат. Жалпы мамлекеттик маанидеги кен байлыктарынан тышкары аукцион өткөрүү жолу менен же түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобого ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө Жобону, жалпы таралган пайдалуу кен жайгашкан жерлердин жана жергиликтүү маанидеги кендердин тизмелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. (КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 82, 2002-жылдын 4-февралындагы № 23, 2006-жылдын 29-декабрындагы № 234, 2011-жылдын 28-октябрындагы № 187, 2012-жылдын 13-апрелиндеги №34 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-17)
