# 14-статья. Лицензиянын жана лицензиялык макулдашуунун мазмуну

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/542)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 42 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 9 августа 2012 года № 160 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-511/edition/507852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/542/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 14-статья (09.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-14

---

Лицензия:

- жер казынасын пайдалануунун түрү;

- лицензия кимге берилди жана лицензиаттын реквизиттери;

- лицензиялануучу объекттин аталышы;

- лицензия берилген дата жана күчүндө болуу мөөнөтү боюнча кыскача маалыматтарды камтыйт.

Лицензиялык макулдашууга төмөндөгү бөлүмдөр боюнча:

- лицензиат менен макулдашылган жана көзөмөлдүн алкагынан сырткары чыгуучу форс-мажордук кырдаалдарды көрсөтүү менен иштердин конкреттүү программасы;

- лицензиянын ээси жөнүндө зарыл маалыматтар;

- жер казынасын пайдалануу менен байланыштуу иштердин максаттуу багыты;

- жер казынасын пайдалануудагы төлөмдөрдүн бардык түрлөрү жана лицензиялык жыйымдар;

- жер казынасын пайдалануу үчүн жер, геологиялык жана (же) тоо-кен бөлүндүлөрүнүн бурчтук чекиттеринин мейкиндик координаттары;

- минералдык сырьену казып алуу жана кайра иштетүү технологияларын колдонуу жана жер казынасын пайдалануу менен бузулган жаратылыш-чөйрөсүн калыбына келтирүү шарттары боюнча кыскача маалыматтар киргизилет.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/542/st-15)
