# 9-статья. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу үчүн жооптуу органдары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/541)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 41 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169 "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 марта 2021 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по приведению в соответствие с кодексами Кыргызской Республики о нарушениях и о проступках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112198)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2021 [Закон КР от 23 марта 2021 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по приведению в соответствие с кодексами Кыргызской Республики о нарушениях и о проступках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112198); 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 10.06.2015 [Закон КР от 10 июня 2015 года № 128 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111171)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/541#diff=1277426..1277427>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-510/edition/1277421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/541/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 9-статья (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-9

---

Мамлекеттик тышкы соода саясаты ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык экономикалык жана административдик жөнгө салууну колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Кыргыз Республикасында бирдиктүү тышкы соода саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат жана аны ишке ашыруу боюнча чараларды жүзөгө ашырат, тиешелүү чечимдерди кабыл алат жана алардын аткарылышын камсыз кылат;

2) тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгат;

3) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо боюнча чараларды көрөт;

4) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, ташып чыгуу бажы алымдарынын ставкасын белгилейт;

5) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык экспортко жана импортко сандык чектөө киргизет;

6) өз кызматтык укуктарынын чектеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;

7) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү менчигин башкарууну жүзөгө ашырат;

8) Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин тышкы соода ишин мамлекеттик башкаруу жагындагы указдары тарабынан өзүнө жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы соода саясаты, тышкы соода ишин жана анын катышуучуларын жөнгө салуу, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тышкы соода ишин ыңгайлаштыруу жана жөнгө салуу тикелей жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик сырткы соода саясатынын милдеттерин түздөн-түз ишке ашырууну, ошондой эле тышкы соода ишин жөнгө салууга байланыштуу чараларды иштеп чыгууну жана өткөрүүнү камсыз кылат. Сандык чектөөлөр белгиленген же уруксат берүү тартиби киргизилген товарлардын экспортун жана (же) импортун лицензиялоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2015-жылдын 10-июнундагы N 128, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40, 2021-жылдын 23-мартындагы N 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-10)
