# 4-статья. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/541)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 41 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169 "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/541#diff=1277425..1277426>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-510/edition/1277421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/541/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 4-статья (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-4

---

Төмөндөгүлөр:

1) тышкы соода саясатынын Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты менен анын курамдык бөлүгү катары бирдиктүүлүгү;

2) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана аны жүзөгө ашырууга контролдук жүргүзүү тутумунун бирдиктүүлүгү;

3) улуттук коопсуздукту, саясый экономикалык жана аскердик таламдарды камсыз кылуунун мамлекеттик милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле массалык кыргындоо куралдарын жана куралдын башка түрлөрүн алып кетүүгө жол бербөө боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында экспорттук контроль саясатынын бирдиктүүлүгү;

4) (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун экономикалык чараларынын артыкчылыгы;

6) тышкы соода ишинин катышуучуларынын теңдиги жана алардын басмырланбашы;

7) тышкы соода ишине катышуучулардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын мамлекет тарабынан корголушу;

8) мамлекеттин жана анын органдарынын тышкы соода ишине туура эмес кийлигишүүсүн, анын катышуучуларына жана Кыргыз Республикасынын жалпы экономикасына зыян келтирүүнү жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги принциптери болуп эсептелет.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-5)
