Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-статья. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40
Төмөндөгүлөр:
1) тышкы соода саясатынын Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты менен анын курамдык бөлүгү катары бирдиктүүлүгү;
2) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана аны жүзөгө ашырууга контролдук жүргүзүү тутумунун бирдиктүүлүгү;
3) улуттук коопсуздукту, саясый экономикалык жана аскердик таламдарды камсыз кылуунун мамлекеттик милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле массалык кыргындоо куралдарын жана куралдын башка түрлөрүн алып кетүүгө жол бербөө боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында экспорттук контроль саясатынын бирдиктүүлүгү;
4) (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун экономикалык чараларынын артыкчылыгы;
6) тышкы соода ишинин катышуучуларынын теңдиги жана алардын басмырланбашы;
7) тышкы соода ишине катышуучулардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын мамлекет тарабынан корголушу;
8) мамлекеттин жана анын органдарынын тышкы соода ишине туура эмес кийлигишүүсүн, анын катышуучуларына жана Кыргыз Республикасынын жалпы экономикасына зыян келтирүүнү жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги принциптери болуп эсептелет.
(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"Редакцияларды салыштыруу
29.03.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аткаруу максатында экспорттук контроль саясатынын бирдиктүүлүгү;
4) алынып салынды: Кыргыз Республикасынын бажылык аймагынын бирдиктүүлүгү;
кошулду: (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун экономикалык … ишин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги принциптери болуп эсептелет.
кошулду: (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/541/st-4" title="4-статья - Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>