25-статья. Тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү бирикмелер
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169.
Тышкы соода ишине катышкан Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары ыктыярдуу негизде тармактык, аймактык же башка принциптер боюнча ассоциацияларга жана башка кошундарга бириге алышат. Тышкы соода ишине катышкан Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын бирикмелери алардын таламдарын билдирген бирикменин мүчөлөрүнүн жалпы таламдарын коргоону, экспорттун жана импорттун натыйжалуулугун жана тартипке салынышын жогорулатууну, кара ниет атаандаштыкты болтурбай коюуну, чет өлкөлүк жактар жана алардын бирикмелери менен тышкы соода байланыштарын өнүктүрүүнү жана чыңдоону камсыз кылуу үчүн түзүлөт. Бирикмелерди монополиялаштыруу жана ички рынокту бөлүп-жаруу, аларга кирбеген тышкы соода ишинин катышуучулары үчүн атаандаштык шарттарын чектөө, бирикмелерге катышкандыгына жараша кыргыз жана чет өлкөлүк жактарды ар кандай түрдө басмырлоо, ошондой эле мындай бирикмелерди тышкы рыноктогу ишкердүү тажрыйбаны чектөө үчүн пайдаланууга жол берилбейт. Көрсөтүлгөн бирикмелерди түзүү жана алардын иши Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/541/st-25" title="25-статья - Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>