# 24-статья. Тышкы соода статистикасы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/541)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 41 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169 "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-510/edition/1277421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/541/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 24-статья (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-24

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргелешип, статистикалык маалыматтардын эл аралык деңгээлде салыштырыла турган бирдиктүү усулдары боюнча статистикалык отчеттуулуктун, аларды жыйноонун жана иштеп чыгуунун тутумун түзүүнү камсыз кылышат:

1) Кыргыз Республикасынын тышкы соодасы боюнча мамлекеттик статистикалык отчеттуулуктун жана Кыргыз Республикасынын бажы статистикасынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын соода балансынын отчеттуулугунун негизинде;

2) Кыргыз Республикасынын төлөм балансы боюнча, анын ичинде товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, капиталды, баалуу кагаздарды, кредиттерди алып келүүнү жана алып кетүүнү тейлөөнү камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргелешип, ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн айлык, кварталдык жана жылдык статистикалык маалыматтарды расмий жарыялоону камсыз кылышат.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-25)
