# 22-статья. Тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү иш-чара лар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/541)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 41 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169 "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112653)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-510/edition/1277421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/541/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 22-статья (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-22

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн кызматтык укуктарынын чектеринде жана өзү укук берген органдын атынан Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык иш чараларды, анын ичинде аларды тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча зарыл каржылоону, анын ичинде:

1) ушул Мыйзамдын каралган тышкы соода ишин

өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну;

2) тышкы соода ишине катышуучуларды кредит менен камсыз кылууну;

3) экспорттук кредиттердин кепилдиктеринин жана камсыздандыруу тутумдарынын иштешин камсыз кылууну;

4) соода көргөзмөлөрүн жана жарманкелерди, атайын симпозиумдарды жана конференцияларды уюштурууну жана аларга катышууну;

5) жарнамалык өнөктүктөрдү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнү;

6) тышкы соода маалыматынын тутумун жана маалымдоочу консультативдик кызматтарды түзүүнү, ошондой эле тышкы соода ишине түрткү берүүнүн жана колдоонун башка түрлөрүн жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/541/st-23)
